“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдагы иштер

13 Апрель 2019 жыл 18:44
Көрүүлөрдүн саны: 98

Мекенибиздин бардык жерлеринде ишенбиликтер өтүп жатат. Жайыл районунун Кара-Суу айылында да тазалоо иштери жүргүзүлүп, айылдын көкчөлөрү көрктөндүрүлүп жаткан учур. Айылдын жаштары да спорткомплекстин тегерек четин тазалашып, коргоп, балатылардын көчөтүн отургузуп коюшту. Бул ишти айылдын жаштары Какешов Адилет, Токболотов Жанат, Кыдыралы, Колбаев Руслан аттуу классташтар колго алып, Айыл өкмөтү менен биргеликте иштешип, спорткомплекстин айылдагы бир жакшы имаратка айлантып коюшту. Бирок айылыбыздын тургундары таштандыны дагы эле ар кайсы жерге ташташып, айылыбыздын көркүн кетиришүүдө.
Даярдаган: Акматова Айша, Мамбетова Элина, 13.04, 2019-жыл