“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылды көрктөндүрүү

18 Апрель 2019 жыл 21:45
Көрүүлөрдүн саны: 154

Жаз келип, Кара-Суу айылынын тургундары айылды жана үйлөрүнүн тегерек четин көрктөндүрө башташты. Айыл тургундарынын көбү үйлөрүн дубал менен курчашып, кооз дарбазаларды кою башташты. Кээ бир тургундар дубалды кирпич же атайын буйрутма дубалдарды райондон алдырып курчашса көпчүлүгү блок кирпичтер менен тосуп жатышат. Айылыбыздын тургуну Астаркулов Урмат үйүнүн көчө жагына дарбаза койдуруп, дубал куруп жатат. “Үйүмдүн көчө жагына дарбаза койдуруп, дубал менен тосуп жатам. Бул айылыбыздын көркүн ачат ко,деп ойлойм. Акырындап айылдаштарыбыз дарбаза, дубалдарды коё башташты. Айылдыктар үйлөрүнө суу киргизишип, дарбаза дубалдарды койдурушуп жатышат. Бул жакшы,”-дейт Астаркулов Урмат.Ал эми мына ушундай дубалдарды койгон уста айылда бар. Ал — Мамбеткулов Уран. “Мен Кара-Суу айылынын тургунумун. Кээде куруучулук менен алектенем. Айылдаштарымдын кээ бирөөлөрүнүн дубалдарын көтөрүп бердим. Тургундарга менин ишим жагып, “меникин да көтөрүп берчи” деп келип калышат. Көтөрүп берем. Акысын айылдаштарча сүйлөшөшөбуз. Айылдын көчөлөрүн көрккө келтирүү – бул көчө бою дубал көтөрүп, дарбаза койдуруп коюу, деп ойлоп коём. Анткени ошондо айылдагы санитардык абал да оңоло баштайт болуш керек. Ар-бири үйүнүн тегерек четин карап, тазалап турат,”-деп ойлойм деди Мамбеткулов Уран. Ооба, айылдагы санитардык-гигиеналык абалды жогорку деңгээлде кармаш үчүн айылдын ар бир тургуну аракет кылыш керек. Ошондо кана айылдарыбызда ар кайсы жерде таштанды болбойт.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада, 17.04.2019-жыл