“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Туура тамактануу

29 Апрель 2019 жыл 13:53
Көрүүлөрдүн саны: 82

Айылыбызда Ден соолук комитети мугалимдерге, айыл тургундарына туура тамактануу боюнча тренингдерди өткөрүштү. Туура эмес тамактануу көп ооруларга алып келе тургандыгы тууралуу көпчүлүк билбейт, же маани бербейт. Мына ушул маселени эл арасында жайылтыш үчүн айылыбыздын үй-бүлөлүк дарыгери жана медайымы бир топ иштерди аткарышып жатышат. Айылыбыздын ФАП ынын медайымы Турсуналиева Венера айыл тургундарына кабарлап, чакыртып алып, ар бири менен туура тамактануу тууралуу аңгеме куруп, кан басымын, боюн, салмагын текшерип ким кандай абалда экенин айтып, кандай тамактануу керектиги тууралуу айтып берип жатат. “Азыркы убакта толук адамдардын саны өсүп, ар кандай ооруулар көбөйүүдө. Бизде жүрөк, кан тамыр, рак, диабет оорулары абдан көбөйдү. Ошондуктан, айылыбыздын тургундарына туура тамактануу ар кандай оорулардан сактай тургандыгын айтып, профилактикалык иштерди жүргүзүп жатабыз. Салмагын, боюн, кан басымын ченеп, ким канчанчы семирүү баскычында экенин айтып, эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүп, кээ бирлерин стационардык дарылоого районго жиберип жатабыз”,-дейт медайым.
Даярдаган: Мамбетова Элина, 29.04.2019-жыл