“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мектепте ремонт иштери башталды

31 Май 2019 жыл 11:53
Көрүүлөрдүн саны: 39

Окуу жылы аяктап, Кара-Суу орто мектебинде ремонт иштери башталды.Мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери класстарын акташып, сырдашып, келерки окуу жылына даярдап жатышат. «Бүгүн мектепте акыркы көчүрүү экзамени жүрүп жатат, ал эми башталгыч класстардын канаалары акталып, сырдалып калды. 9-11-класстарыбыз мамлекеттик аттестацияга даярданышып, консултациялар өтүлүүдө. Экзамендер аяктагандан кийин, мектептин калган жерлери ремонттолуп, райондук мектептердин арасындагы кароого катышып, кайсы мектеп, жаңы окуу жылына кандай даярдалгандыгы тууралуу жыйынтык чыгып, алдыңкылар сыйланышат. Азыркы убакта башталгыч класстардын мугалимдери:Акешова Гүлнара, Алиева Нургүл жана Джумалиева Гүлмира класстарындагы ремонтторун аяктап жатышат. Ремонтторун аякташып, 3-июндан баштап, эмгек өргүүсүнө чыгышат»,-дейт Насыранбекова Маруфат.
Даярдаган: Бексултанова Айгерим, 31.05.2019-жыл