“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Балтадагы чөптүн баасы

4 Июль 2019 жыл 0:48
Көрүүлөрдүн саны: 54

Азыркы убакта дыйкандар чөп чабышып, кышка даярдыктарды көрүүдө. Жайыл районунун Кара-Суу айылында дыйкандар биринчи чабыкты чабышып, экинчисин чапканы даярдык көрүшүүдө. Айылдын көпчүлүгу чөпту Кара-Балтага барып сатышат. Дыйкандар кышка жете турган чөптү жыйнашып, ашыгын сатышат. Быйыл чөптүн баасы былтыркыдан кымбатыраак болуп жатат. “Кара-Балтада бир түктүн баасы 70 сомдон 130 сомго чейин болуп жатат, анткени быйыл күн суук болуп, чөптүн түшүму жылдагыдай эмес. Былтыр гектарынан 300 чейин түк алсак быйыл 150-200 дүн тегерегинде эле алып жатабыз”,- дешет Кара-Суу айылынын дыйкандары.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, 03.07.2019-жыл.