“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

11 эркек 1 аял

11 Июль 2019 жыл 0:31
Көрүүлөрдүн саны: 114

Жайыл районунда он эки Айыл аймагы бар. Бул аймактардын Айыл өкмөттөрүнүн төрагалары – эркектер. Жалгыз кана райондун Кара-Суу Айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн төрайымы — аял. Ал – Дженбаева Насип Елибаевна. “Мен 1988-жылдарда Кара-Суу сельсоветинде эки чакырылыш жооптуу секретарь болуп иштегем. Андан кийин жергиликтүү кеңешке үч жолу депутат болуп шайлангам. Айыл өкмөт болуп 2009-жылдын декабрь айынан баштап иштеп келе жатам. Быйыл туура он жыл болот. Иштегенден бери далай жумуштар аткарылды. Биссимилла дегенде эле Ставропол айылындагы согуш ардагерлерине коюлган эстеликти калыбына келтирүүдөн баштадым. Андан кийин долбоорлор менен иштей баштадык. Ставропол айылынын суу түтүктөрун жана тереңден соруп алуучу насосун котордук. Кара-Суу айылынын суу насосун которуп, суу алуучу жайдын тегергин курчадык. ТОС ачтык. ТОС аркылуу долбоор жазып, Кара-Суу айылына 24 орундуу бакча ачтык. Бакчабыз азыркы убакта райондун алдыңкы бакчаларынын бири, иштеп жатат. “Санитария жана гигиена” аттуу ЮНИСЕФ тин долбооруна кирип, Кара-Суу жана Ставропол айылдарынын мектептеринде туалеттерди жана жуунучу жайларды заманбап ремонт жасатып алдык. Саясатты өнүктүрүү институтуна долбоор жазып, Кара-Суу орто мектебинин ашканасына эмеректерди алып, евроремонт жасатып, ашкананын көркүн ачып койдук. Долбоорлор менен иштөөнү улантып жатабыз. Жакында Ставропол мектебин капиталдык ремонт жасоого АРИС ке долбоор жазып, өткөрдүк”.
-Эмне үчүн аялдар жок… Сиз эле район боюнча жалгыз аял, айыл өкмөттү башкарып, 10 жылдан бери иштеп келе жатасыз?
“Аялдар чыдабайт экен. Аябай оор жумуш. Элдин жүгүн алып, жетектеген оңой эмес. Ар кандай жагдайлар болот экен. Ушул жумушта иштеш үчүн үй-бүлөлүк тылың кучтүү болуш керек экен. Кээде үй-бүлөөм менен жапа тырмак киришип, аткарылбай калган иштерди бүтүрөбүз. Өтүп кеткен Эл аралык көчмөдөр оюнунда Чүй облусу боюнча биз тиккен боз үй биринчи орунду алып, районго 70 миң сом сыйлык тапшырылды. Жакында Суусамырга барып, Кожомкул балбандын 130 жылдыгын өткөрүп келдик. Чүй облусу боюнча VIP боз үйдү Кара-Суу айыл өкмөтү тигип, тойго келген Президентибиз Сооронбай Жээнбековду, ЖК спикерин жана депутаттарын биздин кызматкерлер тосуп алышты”, — дейт Кара-Суу Айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насип. Айыл өкмөттүн төрайымы болуп, аял кишинин иштеши өңой эмес. Бул кызматта Дженбаева Насиптин 10 жылдан бери иштеп келе жатканына жолдошу жана балдарынын салымдары зор.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы.11.07.2019-жыл.