“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдагы таза суу системасы көп бузулууга учурайт

4 Июнь 2020 жыл 15:45
Көрүүлөрдүн саны: 119

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын таза суу системасы 1960-жылдардын башында курулган, бирок ошого карабай дагы эле иштеп келе жатат. Бирок тилекке каршы көп бузулууга учурайт.


Ар бир айылдын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу-Айыл өкмөтүнүн эң негизги милдеттеринин бири.

 

Сманов Алмаз-суу системасына жооптуу кызматкери эски түтүктөрдү кесүүдө

 

Айыл өкмөтү каражат бөлүп, улам өңдөп, айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылып келе жатат. Учурда дагы таза суу системасынын бузулган жерин оңдөө жүрүп жатат.

«Бул суу түтүктөрүнүн курулганына 60 жылдай болуп калыптыр. Асбест-бетон түтүктөрү ошол эле бойдон экен, бирок түтүктөр кошулган жерлери, коррозия болуп, жарабай калып жатат. Негизинен көп бузулат, оңдойбуз да, кайра суу беребиз. Азыр бузулган жерлерди оңдоо оңой болуп калды, анткени атайын техникабыз бар.

    Атайын техниканын механиги Мороз Виталий иш үстүндө

 

Мурун баарын кол менен казчыбыз. Бул бузулган жердин 3, 4 метр түтүгүн которобуз да, суу беребиз»,-дейт Сманов Алмаз-айылдын таза суу системасына жооптуу кызматкери.

Түтүктөр ачылып, жаңы түтүк коюуга даяр болду

 

Айылды таза суу менен камсыз кылуу-азыркы маалда жооптуу милдет. Анткени күн ысык, оору жүрүп жаткан учур. Кара-Суу айылын таза суу менен камсыз кылууга айыл өкмөтү бир топ каражат жана жумушчу күчүн жумшап келе жатат.

Өлкөнүн башка аймактарындагы таза суу түтүктөрүнүн абалы тууралуу окуңуз.

 

Султаналы Чакчагаев