“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

№ 7336 тилкесинде шайлоо аяктады

4 Октябрь 2020 жыл 21:03
Көрүүлөрдүн саны: 59

4- октябрь саат 20-00 Жайыл районунун номер 7336 тилкесинде шайлоо аяктады. Бул шайлоо тилкеси райондун Кара-Суу айылында Кара-Суу орто мектебинде жайгашкан.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Кара-Суу айылында жайгашкан тилкеге 372 шайлоочунун 218 келип, өздөрү тандаган партияларды шайлап кетишти.

Номер 7336 тилкесинин төрайымы Джумалиева Гүлмира

Тилкенин төрайымы Джумалиева Гүлмиранын айтуусу боюнча: «Тилкеде шайлоо тынч өттү. Эч кандай закон бузуулар, тоскоолдуктар, тартип бузуулар катталган жок. АСУ жана ГРС тин аппаратуралары  бузулбай иштеди. Шайлоого «Биримдик», Мекеним Кыргызстан»,

«Республика», «Чоң казат», «Кыргызстан» партияларынан байкоочулар катышышты.

ГРС тин оператору Күздөбаева Асем иш үстүндө

Ошентип, Кара-Суу айылынын шайлоочуларынын 59% ти шайлоого катышышты.

Биринчи оруду 69 добуш менен «Мекеним Кыргызстан» партиясы,

Номер 7336-шайлоо тилкесинин жыйынтыктоочу отчету

экинчини 39 добуш менен «Биримдик» партиясы, үчүнү орунду 21 добуш менен «Чоң казат» партиясы ээледи».

 

Султаналы Чакчагаев