“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Covid-19 Кара-Суу айылында

14 Октябрь 2020 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны: 76

Кыргыз Республикасында коронавирустун экинчи агымы келе жатат деп айтылып жатат. Чынында эле телевизордон, радиодон, уккан маалыматтарга ишенсек, коронавирус инфекциясынын экинчи агымы келе жаткансыйт. Анткени күн сайын мамлекеттик каналдардын маалыматтары боюнча  ооругандардын саны көбөйүп жатат.

Covid-19 каршы жана андан сактануу эрежелерин Кара-Суу айылынын тургуну, фельдшер Венера Турсуналиеванын маегин уксак. Ал коронавирус туралуу мындай деди:

Кара-Суу айылынын фельдшери Венера Турсуналиева

«Пандемия боюнча биздин айылда сактануу эрежелерин так колдонушпайт. Айылыбызда жаш балдарын көбү көчөдө эле жүрүшөт. Ар бир үйдө негизи антисептик болушу абзел жана маска тагынып жүрүш керек. Бирок көп учурда алар жок жана аны колдонушпайт. Айылыбызда 4 адам ооруп, үчөө ооруканага жатып чыгышты, ал эми Кара-Суу орто мектебинин директору,

Кара-Суу айылынын ФАПында

айылыбыздын тургуну, Маруфат Насыранбекова эжекебиз каза болду. Окуучулар жана мугалимдер үчүн жаман окуя болуп, эжекебиздин каза болгонуна ишенбей келишет . Мен өз алдынча даары-дармектерди бере албайм, эгер ооруганын байкасам райондук ооруканага жөнөтөм. Алар ооруганын далилдеп, көзөмөлгө алышат. Пандемиянын экинчи агымы келе жатат деп жатышат. Экинчи агымында, жаш ымыркай балдар ооруп, ичтери өтүп, температуралары көтөрүлөт экен. Жаш балдардын дагы каза болгондору болгон (Казакстанда ж.б. өлкөлөрдө). Бирок биздин айылда андай окуя боло элек. Бизде көбүнчө чоң адамдар ооруду.

Эрежелерди сактап, маска тагынып, жүрүңүздөр

 

Ошол себептен, мен айтат элем, маска тагынып, антисептик колдонуп, колду самындап жууп жүрүш керек. Тойлорду токтотуп, балдарды көчөгө чыгарбай, үйдө отуруу эң маңыздуу»,-деп айтты айылдын медайымы.

Даярдаган: Данияр кызы Назик