“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Элеттик айымдар кышка даярдык көрүп жатышат

24 Октябрь 2020 жыл 17:29
Көрүүлөрдүн саны: 96

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын айымдары кышка даярдык башташты. Кышында үй-бүлөсүнүн саламаттыгы, тамактануусуна кам көрүү максатында азык-түлүктөрдү даярдап жаткан учуру.

Айылдык айымдар ар жыл сайын кышкы түрдүү салаттарды жасап келишет. Жаңыл Үметова  Кара- Суу айылына келин болуп келгенине 5 жылдын жүзү болду, ал кыш мезгилине болгон даярдыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

Жаңыл айымдын жолдошу жана эки кызы

”Быйыл даярдыгым абдан жакшы, сонун болуп жатат. Мен быйыл жылдагыга караганда беш эсе көп салат жаптым. Себеби, пандемия учуру болгондугуна байланыштуу витаминдүү тамак- аштарды көбүрөөк жеш керек экен. Ал эми жолдошум усталары менен чогуу үйдү ремонт кылышты. Буюрса кышка даярдыгыбыз жогорку деңгээлде десем да болот.

Кышкыга даярдалган салаттар, компоттор, вареньелер

Быйылкы салаттарды даярдоодо кайын энемдин жардамы зор болду. Анткени, апам берген кеңештер менен жаны түрлөрүн жасадым. Кыздарым кичине болсо да колдорунан келишинче жардам берүүгө аракет кылышты. Негизи эле быйыл эң өзгөчө даярдык болду деп ойлойм. Себеби пандемияга байланыштуу, баардык айымдар өзгөчө даярданды окшойт. Мен дагы колуман келишинче өзүмдүн даярдыктарымды жасадым», -дейт айыл тургуну Жаныл айым.

Дагы бир айылдын тургуну, Аида Турсуналиева пандемия учурунда кышкыга болгон даярдыгын айтып берди:

Кара-Суу айылынын тургуну, Аида Турсуналиева

«Пандемия учурунда карантин болуп үйдөн чыкпай отурдук. Быйыл күн суук эрте келгендиктен, даярдыктарды эрте баштаганга аракет кылдым. Кышкыга көмүр алып, салаттарды, вареньелерди жасадым. Айылыбыздын суусу таза, жайыты кенен. Эң негизгиси жаш тургундар абдан эмгекчил. Кышкыга бири-биринен калбай камданып келишет.

Биз дагы элден калбай өзүбүздүн аракетибизди жумшадык. Жыл сайын кышкыга даярданып көнүп калдым. Мага өзү даярданган көңүлүмө абдан жагат. Ошол себептен мага анчалык деле кыйынчылык туудурбайт», -деп кошумчалай кетти.

 

Данияр кызы Назик