“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Пандемияда кыш мезгилинин элетте өтүшү

15 Декабрь 2020 жыл 20:43
Көрүүлөрдүн саны: 106

Кара-Суу айылында 2020-жылдын кыш мезгили өтүп жаткан кези. Жумуштун жоктугунан айыл тургундары илгеркидей эле өз чарбалары менен алектенүүдө.
Айылыбыздын тургуну Назира Асаналиева кыш мезгили туралуу мындай деди:
“Мен Кара-Суу айылына 2004-жылы келин болуп келгем. Азыр 42 жаштамын, жолдошум, балдарым болуп жашап келе жатабыз.

Айылдын тургуну, мугалим, Назира Асаналиева.

Өзүм мектепте тарых мугалими болуп иштейм. Күнүгө мектепке барып окуучуларга сабак өтөм, билим берем. 2020-жылы оор жылдардын бири болду деп айтсам болот. Элибиз ковид-19 оорусу менен ооруп, баарыбыз үйдөн чыкпай калдык.

Назира Асаналиева сабакта

Бирок мектеп кыш айында ачылып, балдар окуп башташты. Быйыл кыш мезгили суук болуп жатат. Кышка даярдыгыбыз жакшы деп айта алам. Эл жасаган жумуштарды мен дагы жасадым. Кышында айылдын тургундары баары эле үйдөн чыкпай, үй иштери менен алек болушат.

Мал тейлөө учуру

Айылда, кышында жумуш жок, бардык тургундар үй иштери менен алек болушат, мал тейлеп, тамак жасап, балдарды карап эле үйдө болушат. Өзүм болсо күн сайын мектепке барып, окуучуларга сабак берем. Кыш айы мен үчүн жакшы эле өтүүдө. Ар бир мезгилдин өз өзгөчөлүгү бар. Кыш дагы өзүнүн кооздугу менен айырмаланат. Элибиз оорубай аман болсо, бардыгы жакшы болот деген ишеничтемин”.

Айылда декабрь айы суук болуп жаткан кези. Кара-Суу айылында температура -15 градуска чейин төмөндөп кетүүдө.

 

Данияр кызы Назик