“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу: Айыл жаштарынын кышкы эс алуусу

18 Декабрь 2020 жыл 19:15
Көрүүлөрдүн саны: 90

Кыш мезгилинде Кара-Суу айылында жаштар эс алууну кызыктуу өткөрүп жаткан кези.
Ар бир мезгил өзүнүн ырахаты, кызыкчылыгы менен айырмаланат. Кара-Суу айылында жаштар кышкы эс алуу тууралуу ойлорун бөлүштү.

Кара-Суу айылынын тургуну Данияр кызы Элиза: «Кыш мезгили мага абдан жагат. Өзгөчө досторум менен чана тепкен аябай сонун.

Жаштар чана тээп эс алышууда

Биз жыл сайын классташтарыбыз менен биргеликте, чогуу чана тебебиз. Мындан тышкары, кызыктуу оюндарды ойнойбуз. Кыштын ызгаар суугуна карабастан, чана тепкен аябай жагат. Биз бир жумада бир-эки жолу чыгып турабыз. Бош убакта балдарга чана тепкен абдан кызыктуу».

 

«Мен Сыргак Саткынбаев, Кара-Суу айылында жашайм. Ат менен чананы сүйрөп эс алуу мага абдан жагат.

Жаштардын эс алуусу

Кыш айынын өзүнүн өзгөчөлүгү бар деп ойлойм. Биз ар дайым жолдошторубуз менен чогуу эс алабыз. Көбү ойлошот, кышында суук, эшике чыккан дагы кызыксыз деп.

Жаштар кызыктуу эс алып жатышат

Бирок мен антип ойлобойм, тескерисинче эшике чыгып таза аба менен дем алган аябай жагат. Биз бир жумада 2 жолу чана тепкени чыгып келебиз. Күнүгө чыкканга мүмкүнчүлүк жок. Үй жумуштары бар болгондуктан ченелүү убакытка эле чыгабыз. Быйылкы кыш айы мага абдан жагып жатат. Мен үчүн аябай деле суук эмес,»- дейт айылдын жаш тургуну.
Пандемияда кыш мезгилинин элетте өтүшү

 

Данияр кызы Назик