“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Малчылардын чарбасы кышында кандай абалда?

29 Декабрь 2020 жыл 0:05
Көрүүлөрдүн саны: 90

Кыш мезгилинде мал багуу кандай кыйынчылыктарды алып келери баарыбызга маалым. Айылдын тургунунун кышкысын малын кантип багып жаткандыгы тууралуу маек.

 

Айыл тургуну Акматов Мурат өзүнүн малын кышында кантип багып жаткандыгы тууралуу минтип айтат:

“Кара-Суу айылында, быйыл, суук катуу жүрүп жаткан мезгили.

Акматов Мурат Кара-Суу айылынын тургуну

Мен бала кезден тарта мал багып келе жатам. Биздин сарай чоң, атайын мал багууга ылайыкталып салынган. Малды короодо таза кармаганга аракет кылам.

Сарайдын ичинде

Малдын жаткан жери канчалык жылуу, таза болсо, ошончолук жакшы. Малың эттүү уйларың сүттү арбын беришет. Азыр сүттү 22 сомдон алып жатышат. Айылдын келиндери төрт-бештен уй саашат. Биздин мал-чарбачылыгыбызда кой, торпок, уй, ат ж.б үй жаныбарлары бар.

Канаттуулар

Негизи үч маал тейлеп, карайм. Эртен менен саат сегиздерде жем, чөп, суу беремин. Анан койлорду эшикке үч саатка чыгарып, жайып келебиз. Түшкү саат бирге жакын чөп салып, жом беремин. Аттарым болсо эшикте эле жайылып жүрөт. Ал эми уйлар, торпоктор, койлор сарайдын ичинде болот.

Кечки саан

Убактысы келгенде сугарып, жем берип, чөп салып жайгарып коемун. Чынын айтсам, мал багыш деле оңой эмес кышкы суукта. Малдын дагы өзүнүн берекеси бар. Канчалык малыңды жакшы баксаң — ошончо пайда аласың».

Азыркы убакта айылдыктардын негизги кирешесин мал чарбасы менен жер иштетүү түзүп жатканын баары эле жакшы билишет. Ошондуктан, айыл тургундары негизинен мал багуу жана жер иштетүү менен алектенишет, башка иш айылда жок. Жаштардын бир тобу, Кара-Балтада, кытайлардын айнек заводунда иштешчү эле, пандемиядан бери завод жабылып, алар да иши жок калышкан.

 

Данияр кызы Назик