“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдын четиндеги көчөлөргө жарык берилди

20 Январь 2021 жыл 19:22
Көрүүлөрдүн саны: 82

Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын чет жакта жайгашкан Кара-Балта жана Жылдыз көчөлөрүнө жарык коюлду.
Айылдын Кара-Балта көчөсүнүн тургуну Аида Турсуналиева жарык коюлгандан бери чөөлөр азайганын айтат:

“Биздин Кара-Суу айылында 2021-жылы жаңы жашоо башталды деп айтсам болот. Негизи мурда эле борбордук Мураке көчөсүнө жарык орнотулган. Бирок биздин көчөгө коюла элек болчу.

Кара-Балта көчөсүндө коюлган жарык

Мына, бизге да коюлду. Көчөбүздө жашаган тургундарга абдан жакты. Ар бир жашоочунун үйүнүн жанына жарык берилди. Жакшысы, жарык берилсе, кечинде коркпой калат экенсиң. Азыркы убакта чөөлөр көбөйүп, айылга чейин келип жатышат. Жарык пайда болору менен чөөлөрдүн саны азайды.

Мектепке бара турган жолдогу жарык

Мектепке баруучу жолго да жарык коюлду. Биз абдан ыраазы болуп, ыраачылыгыбызды билдирдик. Мындан ары дагы айылда жакшы нерселер болот деген тилегим бар. Эми жолдор толугу менен жасалып бүтсө, айылыбыз көркүнө келип келет деп ишенем”.

Айылдын четиндеги көчөдөгү жарык

 

Данияр кызы Назик