18-ноябрда PI Radio го трансфер. Саат 10-00 до Лотум- Штрассе 10,10119 Берлин, адреси боюнча келдик. Бизди Йорг Депта тосуп алды.
Маектин темасы “Жамааттык эркин маалымат каражаттарын финансылоонун моделдери”.
PI Radio – “Пираттардын радиосу” дегени экен.
Бул радио жамааттык эркин радио экен. Берүүлөрү түштүк Берлинди жана Потсдам-Бабельсберг регионун камтыйт экен. Программасынын үстүндө 150 редакция, 20 өлкөдөн 300 киши иштейт . Алардын арасында студенттер, окуучулар, фрилансерлор, жумушсуздар, пенсионерлер, клубдар, союздар ж.б. ким радиого кызыкса баары келип иштей алат дешти.
Бул жерде бизди абдан жакшы тосуп алышты. Кофе ичип, кызыктуу маек куруп, бир топ отурдук. Иорг Депта орусча билет экен, 30 жылдан бери биз жакка барсам деп кыялданат экен. “Келип кет, тосуп алабыз”, — дедик. Жакында “чоң ата” болуптур. Жакшы киши экен. Биздин келгенибизге абдан сүйүндү, радиолору тууралуу абдан кызык маек куруп берди.
11-30 да Фридрих Эберт Фондуна трансфер.
Тема: “Маалымат алуу иш сапарына баа берүү,Фридрих Эберт Фонду”. Орто Азия жана Түштүк Европа боюнча Эберт Фондунун референти Дитмар Дирмозер менен жолугушуу.
Дитмар Дирмозер менен бир сааттай маек куруп олтурдук. Ал киши өз иши жөнүндө, Эберт Фонду тууралуу айтып берди. Бизге суроолорду берди. “Германия жактыбы?, Кандай тажрыйбаны алып кетип жатасыңар?,
Жамааттык медиалар силерде кандай иштешет?” — ,деген суроолорду берди.
Биз суроолорго жана башкаларга жооп берип, бул кишиден мындан ары дагы кызматташууну уланта берели, Фондго биздин жамааттык медиаларга жардам берип жатканына чоң ыраазычылык билдирдик, жана ошондой биздин Германияга болгон иш сапарды каржылаганына рахмат айтып, маекти жыйынтыкдадык. Дитмар Дирмозер биздин жамааттык медиа каражаттарынын ишине ийгилик каалап, Кыргызстанга мындан ары да демократиялык принциптерди өсүп өнуктүрүүдөгү ийгиликтерди каалады. Биздин мамлекетте сөз эркиндиги Борбордук Азияда жогорку деңгээлде экендигин баса белгилеп кетти.
18-ноябрь биздин иш сапарыбыздын акыркы күнү болду. Эртең үйдү көздөй жол тартабыз.
Даярдаган: Султаналы Чакчагаев, «Ак кептер», 27.11.16-жыл, Кара-Суу айылы, Жайыл району, Чүй.