“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Эгинди тепсеп, тебелоо.

9 Апрель 2015 жыл 19:22
Көрүүлөрдүн саны: 92

3-апрелде Кара-Суу айылында Кара-Суу айыл окмотунун башчысы Дженбаева Насипа Элибаевна, Кара-Суу айылдык Кенешинин депутаттары Кумбашев Ишенбек, Дооронбаев Нурбек жана айылдын тургундарынын катышуусунда чогулуш болуп отту. Чогулушта айыл тургундарынын малдары себилген эгинди, бедени тепсеп, тебелеп салуу маселеси каралды.

image

Бул жыйында себилген жерди тепсеп, тебелеген  малдын ээлерине кандай чара коруу тууралуу кеп болду. Депутаттардын айтымында алардын штраф боюнча чыгарган чечимин райондун прокуратурасы туура эмес деп таап, чечимди законсуз деп жаратбай таштаган. Ал чечим боюнча бодого 500 сом, койго 70 сом штраф экен. Бирок депутаттардын мына ушундай чыгарган чечими законго туура келбейт экен.

image

Себилген жерге кирген мал ээлерине штрафты айыл тургундарыны озулору чогулуш жасап, кандай чара коруу керектигин тактап, чечим чыгарышса гана ошондо мыйзам ченемдуу болот экен. Бул чогулушта айыл тургундары эч кандай чечим чыгарышкан жок. Бири бири менен талашып тартышып, башка маселеге отуп кетишти.

image

Ошентип, себилген жерди тепсеп, тебелеген, жеген мал учун ээлерине кандай чара коруу керектиги дагы чечилбей калды. Бул маселе боюнча тургундар кайра дагы чогулуш откоро турган болушту окшойт.
Себилген жерге гана эмес айылда мал осуп калган бедеге, арпа, буудайга киришип, дыйкандарга чон зыян келтиришет. Тургундар мына ушул маселеге конул буруп, катуу чечим кабыл алып коюшса жакшы болоор эле.

Даярдаган: Азаркулова Элина. Сабо кызы Айдана. 07.04.2015.