“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Эмгек чейреги башталды

30 Май 2016 жыл 21:11
Көрүүлөрдүн саны: 107

      Эмгек чейреги башталды

-Саламатсыздарбы! Сиздер менен «Ак кептер». Бул чыгарылышта сиздерге Кара-Суу орто мектебинде ремонт иштеринин башталышы тууралуу айтып берели. Кененирээк маалыматты башталгыч класстын мугалимдери Акешова Гүлнара жана Жумалиева Гүлмирадан алсак: 20160530_122313
— Окуу жылы аяктап мектептин ремонту менен алек болуп жатабыз. Бүт мугалимдер, жогорку класстын окуучулары эмгек чейрегин башташты. Башталгыч класстын мугалимдери, ата-энелер менен бирдикте иштеп жатышат. Класстарды актап бүтүп койдук,-дейт Гүлнара эже. 20160530_121853
-Ар бир класстын ата-энелери келип, класс жетекчиге, мектепке жардам берип жатышат. Алар актоо иштерин аяктап коюшту. Ошентип, башталгыч класстар жаңы окуу жылына даяр деп айтсак болот, анткени балдар окуган жайлар, класстар эмки окуу жылына карата даяр десек болот,-деди Жумалиева Гүлмира, 2-класстын мугалими.
-Микрофонду окуучуларга сунсак: 20160530_121542
— Мен,Нурбеков Сыймык,азыркы учурда классты, спортзалды актап, сырдап, тазалап жаңы окуу жылына даярдап жатабыз. Мугалимдерге, мектепке жардам берип жаткан учурубуз.
-Бүгүн мектептин ремонт иштерине жардам берип жатабыз. Классыбызды актап, тазалап койдук. Колдон келген баардык иштерди аткарып жатабыз дейт,-10-класстын окуучусу Максат.
— Быйылкы окуу жылды жакшы аяктадым. Көчүрүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, мектептин ремонт иштерине колдон келишинче жардам берип жатам,-деди Гүлзаада Бейшенбекова, 8-класстын окуучусу. 20160530_121114
-Мына, ошентип, окуу жылы да аяктады алдыда 9-11-класстын экзамендери эле калды. Жогорку класстар мектептин ремонт иштерине жардам берип жаткан учуру. «Ак кептердин» атынан ремонтту жакшылап аяктап, комиссияга эң жакшы деген баада тапшырышын каалайбыз. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз.Сак саламатта калыңыздар. 20160530_122147
Даярдагандар: Канышай Алымбекова, Сезим Дүйшөкеева, 30-май, 2016-жыл, «Ак кептер».