“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу орто мектебинде 35 жыл иштеген мугалим.

20 Декабрь 2016 жыл 14:35
Көрүүлөрдүн саны: 98

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу орто мектебинин мугалими Ажиева Гүлжан. Ал көптөгөн окуучуларды окуутуп уядан учурган, жана дагы көптөгөн окуучуларды окуутууга даяр экен.img_20161220_123111
Мен, Ажиева Гүлжан Алымбаевна Жайыл районундагы Ак-Башат айылында 1957-жылы, 9-июнда туулгам. 10-классты аяктагандан кийин Жусуп баласагын атындагы Кыргыз Мамилекеттик Университетинин филология фокультетин 1984-жылы аяктап, ошол эле жылдан баштап Кара-Суу орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими болуп иштеп келе жатам.img_20161220_121123
Чыныгы чыгармачыл мугалим сөз шиңгилдерин тандап сүйлөй билген, ширелүү сөздөрдү бал аарыдай топтоп, тизмектештирип сүйлөй жана жаза алган- мугалим. Өзүмдүн 35-жылдык педагогикалык тажрыйбама таянып айтсам, мен окуучулардын эркин ойлоп, эркин жыйынтык чыгара билишине шарт түзуп берем.img_20161220_122036
Билимди окуучунун келечегине, анын инсандык бөтөнчөлүгүнө, кесипкөйлүгүнө багыт берем. Мен өз кесибим менен сыймыктанам. Окуучулардан келечекте көп ийгиликтерди күтөмүн. Алардан эң мыкты адистер чыгат жана алар кыргыздын татыктуу уул-кыздары болот деп ишенемин,- деди ал.img_20161220_121148
Ажиева Гүлжан эжеге кааларыбыз көп-көп ийгиликтерди, дагы көптөгөн балдарды окуутуп сыймыктанып жүрө бериңиз. Биз ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз. Сак саламатта калыңыздар!
Даярдагандар: Канышай Алымбекова, Сезим Дүйшекеева.

Редактор: Азирет Туратбеков.

Сынак үчүн.