“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ставропол айылында мечит ачылды

29 Август 2017 жыл 22:34
Көрүүлөрдүн саны: 108

      Mechit. Stavropolovka

29-августта Жайыл районунун Ставрополовка айылында мечит ачылды. Айылдын имамы Дүйшөнкул аксакалдын айтуусу боюнча: бул мечиттин курулуусун “Ас салам” кайрымдуулук фонду, Сауд Аравиясы, каржылады. Кара-Балтадагы “Азирети Ислам” медресесинин ректору Исаков Халилдин да мечиттин айылыбызда курулуп калуусуна өз салымын кошту, курулушту болсо Өзбек ажы Чотонов өзү көзөмөлдөп, аягына чейин жүрүп, бизге өткөрүп берди.
Жана ошондой эле айылыбыздын тургундары: Балбаев Догдурбек, Дженбаева Насипа, жана башкалар жардам беришти деди Дүйшөнкул аксакал.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Дженбаева Насипа Елибаевна өз сөзүндо Сауд Аравиясынын “Ас салам” кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирип, мечиттин курулушу айылдын тургундарын тарбиялоодо ролу чоң болоорун баса белгилеп кетти.
Ал эми Ставропол айылынын тургундары Азаркулов Авас менен Турус аксакал өз сөздөрүндө спонсорлорго ыраазычылык билдирип, айылдын жаштарын тарбиялоодо ролу чоң болоорун айтышты.
Мечиттин ачылышы Курман айт майрамынын алдында болуп, спонсорлор айылдын аялдарына садага таратышты.
Өзбек Чотонов сөз сүйлөп, мечиттин курулушу ттулалуу айтып, айыл тургундарын ыймандуу болууга чакырды.
Ошентип, мекенибиздин дагы бир айылында мечит курулду. Ылайым бул курулуш айыл тургундарын ыймандуулукка тарбиялоодо ролу чоң болсо экен деп, тилейбиз.
Ставропол айылынын тургундарын жаңы мечиттин курулушу менен куттуктайбыз.
Даярдаган: Ашырова Кымбат, Бейшенбекова Гүлзаада, Туратбеков Азирет, 29.08.2017-жыл. “Ак кептер”.