“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылда арпа, буудай чабуу башталды

13 Июль 2018 жыл 20:30
Көрүүлөрдүн саны: 160

Айылыбызда айыл-чарба иштери кызуу жүрүп жаткан убагы. Азыр айылда дыйкандар арпа, буудай чаап жаткан маалы.
Арпа, буудай чабуу менен бирге сугат иштери да жүрүп жатат. Кызылча, жүгөрү , беде сугарып жатышат. Азыр болсо дыйкандар арпа буудай чаап жатышкан убагы. Айылыбызда 3-4 күндөн бери жаан жаап жатат. Ошого карабастан элдерибиз иштерин жүргүзүп жатат. Бирок арпа , буудай чабуу токтоп калды. Айылда 350 гектарга жакын арпа бар экен. Арпасын чапкан дыйкандар Молдобеков Эсенбек, Үсөнканов Бейшенбек жана Ибраимов Замирдин айтуулары боюнча арпа гектарынан 2 жарым жана 3 тоннага чейин түшүм берип жатат. Ал эми базардагы баасы 8,5, 9 сом болуп жаткан убагы. Кара-Суу айылында комбаин жок болгондуктан, айылга башка жактан комбаиндар келип арпа, буудай чаап жатышат. Гектарын 2миң сомдун тегерегинде чаап жатышат. Дыйкандар өзүнүн эмгегинин үзүрүн көрүп жатышат.
Даярдаган: Данияр кызы Назик. 13.07.2018-жыл. Сынак үчүн.