“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Дан эгиндерин жыйноо аяктоодо

5 Август 2018 жыл 23:42
Көрүүлөрдүн саны: 44

Жайыл районунун Кара-Суу айылында дан эгиндерин чабуу аяктап бара жатат. Дыйкандар кырманды кызылга толтуруп, түшүм алып жаткан чак.Кара-Суу айыл аймагынын Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын тургундары дан эгиндерин жыйнап, кырманга түшүрүп, сатканын сатып, калганын сактоого коюп жаткан учуру. Айылдын дыйкандары Элтендиев Нурдин, Дүйшөнкулов Эркинбектин айтуулары боюнча быйыл “ арпанын түшүмү жакшы.Дыйкандар гектарынан 2-3 тоннага чейин арпа чаап алып жатышат” ,-дешет дыйкандар. “Арпанын баасы 8-9сом болуп жатат. Айылга келип, алып кетип жатышат”,-дешет Ставропол айылынын дыйкандары. Азыркы убакта Кара-Суу айыл аймагында акыркы дан эгиндеринин аянттары чабылып, кырман толо эгин болуп жаткан маал.
Даярдаган: Курманалиев Кенжебек, 05.08.2018-жыл.