“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жайыл районундагы семинар — тренинг

16 Август 2018 жыл 11:54
Көрүүлөрдүн саны: 51

Билим берүүдөгү Мамлекеттик стандарт боюнча семинар Жайыл районунда болуп өттү. Бул семинар -тренингди Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери: Тагаева Гүлмира Сарыгуловна (педагогикалык илимдин кандидаты) жана Алмурзаева Саадат Акматбековна (илимдин ага кызматкери) өтүштү. Тренерлер райондун орус тили сабагы боюнча мугалимдерине
1.Мамлекеттик стандарттын мазмуну
2.Практикада колдонуу
3.Окутуунун компетенттүүлүгү
4.Предметтик компетенттүүлүк
темаларлы боюнча түшүндүрүү жүргүзүшүп, мугалимдер менен бирге талкуулашып, республикада, билим берүү тармагында жүрүп жаткан реформаларды алгалатууга салымдарын кошуп жатышкан маалы.
Семинарга райондун Кара-Балта шаарынын №4-мектебинин орус тили мугалими Койлубаева Элмира, Ийри-Суу мектебинин мугалими-Осмонова Нургүл, Суусамырдын Карабеков атындагы мектебинин орус тили мугалими Макешова Сайкал, Абдылдаева Чынара – Алексеевка мектебинин мугалими, Бакыева Дамира-Кызыл – Дыйкан мектебинин мугалимдери жана башка 20 дан ашык мугалимдер катышышты. Алексеевка орто мектебинин мугалими Абдылдаева Чынаранын айтуусу боюнча “тренинг эң жакшы өтүп, райондун мугалимдери билим берүүдөгү “Мамлекеттик стандарт жана “Окутуудагы компетенттүүлүк жана компетенция” тууралуу көп нерселерди уйрөнүштү.
Семинар – тренинг жогорку дэңгээлде өтүп, мугалимдер көп маалымат алышыты жана үйрөнүштү. Бишкектен келген тренерлерге өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Даярдаган:Чакчагаев Султаналы, 16.08.2018-жыл.