“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мектепте мамлекеттик аттестация башталды

4 Июнь 2019 жыл 0:30
Көрүүлөрдүн саны: 91

Кыргыз Республикасынын мектептеринде мамлекеттик аттестация башталды. Бүгүн Жайыл районунун Кара-Суу айылында дагы 11-жана 9-класстарда математика жана кыргыз тили сабактарынан мамлекеттик аттестация болуп өттү. Быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 8 окуучу, алардын 3 бала жана 5 кыз, ал эми 9-класста дагы 8 окуучу, алардын 3 кыз жана 5 бала. Мектептин директору Насыранбекова Маруфат ийгилик каалап, мамлекеттик аттестация башталды. Мамлекеттик аттестация 5 сабактан болот, анын ичинен 1 сабак тандалма. Бүгүн математика жана кыргыз тили сабагынан мамлекеттик аттестация беришсе кийинки күндөрү башка сабактардан беришет.
Даярдаган: Саида Джусупова 03.06.2019.