“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Балта суу сактагычы — айылыбыздын озгочо жана эн кооз жерлеринин бири.

17 Апрель 2015 жыл 22:23
Көрүүлөрдүн саны: 83

Кара-Суу айылы Чуй облусунун Жайыл районунун борбору Кара-Балта шаарынан ылдый 30 километр жерде жайгашкан айыл.
Кара-Суу айыл аймагында  озгочо жана кооз жерлер коп эмес, бирок бар десек жанылбайбыз. Анткени айылдан ойдо 3 километр аралыкта Кара-Балта суу сактагычы

image

жайгашкан. Суу сактагыч айылыбыздын тургуну Жумалиев Сапардын айтуусу боюнча 1964-жылы курулуп буткон экен. Тегереги бак дарактар менен курчалган кооз жер. Суусу менен Кара-Суу айылынын жерлери сугарылат.

image

Ал эми айыл тургундары учун эс алуучу жай. Жаштар келип  сууга тушушот, сузгонду уйронушот. Жалан гана жергиликтуу калк эс албастан Кара-Балтадан да келишип, эс алышат, балык кармашат.

image

Ал эми айылдын ылдый жагында болсо «Мелиорация» деп атап койгон суу сактагыч бар, атайын Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатынын жумушчулары учун ал жерде эс алуучу уйлор тургузулган болчу. Жумушчулар келип эс алышчы эле.

image

Бирок азыр ал уйлор жок. Жок болсо да тегереги бак дарактар менен курчалган ажайып кооз, Кара-Суулуктар ал жакка да барып эс алып турушат. Озгочо жайында жаштар барып эс алат. Айылдын тургундары учун бул эки суу сактагыч озунчо бир озгочо жай да десек жанылбайбыз.

image

Анткени айылдын тургундарынын баардыгынын жаштыгы ушу эки суу сактагыч менен кандайдыр бир байланышы бар.
Кара-Суулуктар Кара-Балта жана Мелиорация суу сактагычтары менен сыймыктанышат, мактанышат. Биздин колубуз деп аташат.

Даярдаган: Азаркулова Элина.
                          18.04.2015-жыл. Ак кептер мультимедиа борбору.Клооптун журналистика мектебине сынакка катышуу учун.