Айылыбыздын койгойлорунун бири бул таштандыларды бир жерге таштоо.Айылыбыздын атайын таштанды таштоочу жайы белгиленген эмес ошондуктанбы,айтор айылыбыздын тургундары таштандыларды ар кайсы жерге таштай беришет. Тургундардын айтуусу боюнча ойдо жактагы жашоочулар таштандыларын жаны уй жактагы чункурга ташташат экен.
Ал чункурда баклажка,ботолко,кагаз,музоо,кой айтор ар кандай таштандылар коп.Андан ылдыйраак клубтун арты дагы таштанды таштоочу жайга айланган.
Ал жерде да мышыктын,иттин,музоонун олуктору жатат.Ал эми айылдын кашарга бара жаткан жолунун эки жагы тен таштанды таштоочу жайга айланган.Андан кийинки таштанды таштоочу жай айылдын ылдый жагынан кирип келе жаткан жолдун жээктери.
Ал жак дагы таштандыга толуп кеткен.Мына ошентип, кичинекей эле айылыбызда торт таштанды таштоочу жай бар экен.Ал жактан жаман жыттар чыгып айылдын тургундарынын ден соолугуна зыян келтирип жатат.
Ага карабастан таштандыларды дагы эле таштап жатабыз.Жакында айылыбызда чогулуш болуп, жаны староста шайланды.Алиев Торобектин айтуусу боюнча, эми атайын таштанды таштоочу жай болот деди.
Ал оз созундо таштандыларды атайын белгиленген жерге таштоону чакырып,айылдын санитардык- гигиеналык абалын жакшыртууга чакырды.
Даярдаган:Элина Азаркулова.21-апрель 2015-жыл Ак Кептер медиа борбору.
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка.