“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылынын чыгаан инсандарынын бири — мугалим,агартуучу,фронтовик Жакыпов Сыргак.

6 Май 2015 жыл 19:45
Көрүүлөрдүн саны: 35

Бул айылыбыздын чыгаан инсаны тууралу айылдын аксакалы Дуйшенкулов Канысбек карыя айтып берди. Жакыпов Сыргактын ысымы

image

мектептин алдындагы согуштун ардагерлерине арналган эстеликте жазылган. Канысбек карыянын айтуусу боюнча Сыргак Жакыпов ошол кездеги кыргыздын билимдуу илимдуу атуулдарынын бири болгон экен. Арабча,латынча жана кирилица алфавиттеринин баарын толук оздоштургон,билген жана Кара-Суу айылына биринчи мугалим болгон адам экен. Жалан гана Кара-Суу айылында мектеп ачпастан ойдонку Айдарбек,Орто Суу, Малтабар айылдарында да 1930-жылдары мектептерди ачып балдарды окуткан экен. Айылдан жакшы окуган эки баланы мугалимдик курска окутуп,мугалимдик кесипке ээ кылган экен. Алар Озгондо иштеп жатканда алаамат согуш башталган. Анын эки окуучусу Молдраимов Айтаалы жана Абдыкеримов Мусураалы агайы  сыяктуу согушка кетип,кайтпай калышкан.
Бул чыгаан инсандардын ысымдары эстеликке туболук чегилген. Сыргак Жакыпов-айылдын биринчи мугалими. Биз ал киши менен сыймыктанабыз.

Даярдаган: Медина Сатыбекова. Ак кептер медиаборбору. 7-май 2015-жыл. Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка.