Саламатсыздарбы урматтуу айылдаштар! Эфирде Аккептер медиа борбору студиада Перизат Туратбекова.Бул чыгарылышта биз сиздерге айылыбыздын тургуну баатыр эне Мамбеткулова Сонунбубу тууралу айтып бермекчибиз.
Кененирээк маалыматты чон апабыздан алсак.
1952-жылы декабрдын 16да туулгам.Калинин районунда Жонарык айылында торолгом,билимим орто 1974-жылы Кара-Суу айылына келин болуп келгем.Айылга келгенден кийин 17 жыл чабан болуп иштедик,мен озум жети баланы тарбиялап остурдум, 4 уул 3 кызым бар! Учурда пенсиядамын жана 2014-жылы призидент Алмазбек Атамбаевтын буйругу менен баатыр эне наамын алдым.
Чабандыкты откоргондон кийин дыйкан чара болуп, озубуздун улушубузду алып, болунуп чыктык.
Жогоруда сиздер уккандай Сонунбубу чон апабыздын уй булосу жер менен иштейт экен, ошол жонундо баатыр эненин кебин уксак.
Азыркы убакта жер менен иштейбиз 8 гектар бедебиз бар, 3 гектарда жугорубуз,
1 гектарда кызылчабыз бар,азыр кызылчабызды отоп жатабыз.
Сиздер уккандай баатыр эне Мамбеткулова Сонунбубу чон апанын жана Мамбеткулов Туратбек чон атанын уйбулосу чон,бул уй було оз эмгеги менен мамлекетибиздин эканомикалык жактан осуп онугуусуно чон салым кошуп келе жатат.
Аккептер медиа борборунун атынан Сонунбубу жана Туратбек чон атанын уй булоосуно чын ден-соолук жана ынтымак каалайбыз!
Саксаламатта калыныздар кунунуздор конулду улансын.
Даярдаган Перизат Туратбекова, Аккептер медиа борбору, 14 май, 2015-жыл.
Клооптун журналистика мектебине катышу учун сынакка.