“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Керемет талаалар

25 Июнь 2015 жыл 18:34
Көрүүлөрдүн саны: 178

Кутмандуу кунунуздор менен урматтуу айылдаштар! Эфирде «Ак кептер»  медиа борбору. Сиздер менен Сабина Кадырбекова. Бул чыгарылышта биз сиздерге айылыбыздын  эн кооз жайларынын бири айыл  элин багып жаткан эгин, беде талаалары туралуу айтып берели деп чечтик.Ооба, айылыбыздын тегерегин 2000 мин гектардай  сугат жана кайрак жерлер курчап турат .Мына ушул жерлердин пайдасы жана кооздугу туралуу айылыбыздын тургундарынын кебин уксак.

image

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын талаалары ажайып  эн кооз.Кужурмон элибиз ошол талаалардын коркуно корк кошуп талааларга эгин,беде ,жугору,кызылча жана башка жашообузга керектуу дан эгиндерин себишет.

image

Ошондой эле Кара-Суу айылынын талаасында, жайытта жайылган малдар, сайрап учкан канаттуулар талаанын кооздугун сактап турат.Биз озубуздун айылыбыздын талаалары менен сыймыктанабыз.
Талаалар айылдын эн кооз жайларынын бири.Жазында биздин айылга келсен тегерегибиздин баары кок жашыл болуп, ар кандай эгин осуп, беделер термелип, ушул талаалардын сайраган ар туркун куштардын унун угуп турасын, озгочо жазында биздин талаалар эн кооз корунот,ал эми жай айларында  болсо талаадан ар кандай ундорду угасын. Биздин айылдын кобу беде ондурушот?

image

Жай  бою беделерин сугарышып,ошону чабышып, престешип, жумуш менен алек болуп, бош жургон адамды деги эле корбойсун.

image

Биздин талааларда ар туркун куштар бар:мисалы алсак, бодонолор,кыргыйлар,когучкондор, талаа буркуттору каалгып учуп жургонун коруп тан каласын.
Биз жайыл районунун Кара-Суу айылында жашайбыз жерге канча камкорлук кылсан жер ошончо тушум берет,тушумун  мол болсо курсагын да ток болот. Талааларыбыз жазында когоруп эн эле кооз корунот себеби баардыгында эгин эгилип, жайкалып осуп турат.Арпа,будай,беделер чабылып талааларда комбайндар, тракторлор курулдоп иштеп, талаадан жагымдуу ундор угулуп турат.

image

Биздин талаалар абдан кооз.Ал жерге биз жыл сайын кызылча,жугору жана башка осумдук тигебиз, жерлер абдан жакшы.

image

Мына сиздер жогоруда уккандай биздин айылыбыздын талаалары ажайып кооз жайлардын бири.Кышында,жазында,жайында жана кузундо-ар бир мезгилде, биздин талаалар озунчо бир кереметке ээ.Муну айылыбыздын тургундарынын баары билет жана ошону менен сыймыктанышат.Эл эмгегин жер жебейт дегендей айылдын тургундары да оз жерлерин аярлап багышат да, мол тушумго ээ болушат.Сак саламатта калыныздар.Даярдаган:Сабина Кадырбекова.
Клоптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка,25июнь, 2015жыл.