“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мугалим эже

6 Июль 2015 жыл 22:10
Көрүүлөрдүн саны: 91

Саламатсыздарбы, урматтуу айылдаштар! Кутмандуу кунунуздор менен! Эфирде Ак кептер медиаборбору, студияда Сабина Кадырбекова.Бугунку чыгарылышта биз сиздерге айылыбыздын чыгаан инсандарынын бири, омурунун баарын балдарды тарбиялоого жана окутууга арнаган мугалим эжебиз Маликова Маскура Жекшеновна тууралуу айтып бермекчибиз. Эже жонундо кененирээк маалыматты эженин оз созунон уксак.

image

Мен Маликова Маскура Жекшеновна мугалимдик эмгек жолун 1964-жылы старший пионер важатый болуп иштеп баштагам.Ал убакта мен Фрунзедеги Маяковский кыз-келиндер институтунда сырттан окуу болумундо, педфак факультетинде окуп жаткам. Башында кыргыз тилинен
5-7-класстарга,1974-жылдан баштап, 1-5-класстарга орус тилинен сабак бере баштадым. 40 жыл мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштедим. Эмгек жолунда бир нече жолу ардак грамоталар, 1984-жылы «Кыргыз ССР инин  Эл агарттуусунун отличниги» деген значогу менен сыйлангам.Менин жолдошум Алгожоев Кадырбек да мугалим болуп иштеген.

image

Эми соз кезегин эженин окуучулары жана коллегаларына берсек.

image

Маликова Маскура эже мекен жолун которуп 40 жылдан ашык мугалимдик кесипти  аркалап келди, балким озгочо кадырлоодон урмат сыйдан уламдыр, башка адистерден мугалимдик кесиптин артыкчылыгын баары бир ооздон белгилешет, анткени ким болбосун кайда иштебесин министирби болобу, кароолчулбу, малчыбы, академикби, саясатчыбы — баары мугалимден окуп билим алышат.
Маликова Маскура эже ушу Кара-Суу орто мектебинде 40 жылдан ашык иштеди. Маскура эженин колунда окуп калдым. Ошонун таасириби, мына мен дагы эженин жолун жолдоп мугалимдик кесипти аркалап келатам.

image

Маликова Маскура эженин педагогикалык ишмердигин мисал кылсак мугалим жонундо даана ачык айкын тушунукторго туш болобуз. Маскура эже оз жарыгын жаш оспурумдорго чачып: ата мекен, коом , мамлекет, эл, адам, эне тил, сулуулук, онор ,таалим, элге кызмат кылуу жонундогу жан дуйносун калыптандырып аларды адамкерчиликтуу жашоо орноктору менен куралдандырды. Эже бут ден соолугун, билимин ушундай жумушка  сарптап келди.
Сиздер жогоруда уккандай Маликова Маскура эже омурунун баарын мектепке арнады, миндеген балдарды окутту, тарбиялады жана ошондой эле оз тажырыйбасын наш мугалимдер менен болушуп, алардын урмат сыйына ээ болду. Эжебизге узун омур, уй булосундогу ырыс ынтымакты каалайбыз.
Корушкончо сак саламатта калыныздар, урматтуу менин айылдаштарым.
Даярдаган: Сабина Кадырбекова, 1-июль, 2015-жыл,Ак кептер.
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка.