“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суудагы бала бакча жабылып калды

7 Июль 2015 жыл 8:17
Көрүүлөрдүн саны: 104

image

Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы «Ботокөз булак» бала бакчасында таза суунун жоктугунан бул жер жабылып калган.

Кененирээк маалыматты бала бакчанын жетекчиси Айша эжеден алсак.

— «Ботокөз булак» бала бакчасы жетинчи июль күнү Жайыл районунун билим берүү башчысы Гасанов А. И.  тарабынан жабууга тура келди. Себеби май айынан баштап эле суу маселеси көйгөй жаратып келген болчу. Бирок ошого карабастан бала бакчанын кызматкерлери мечиттен суу ташып иштеп келе жатканбыз. Жаңы окуу жылына кабыл алып жатканда суунун жоктугуна байланыштуу 7-июлдан баштап бала бакчаны жаап салды.

image

Бала бакчанын иштешине айылдын тургундары кандай жардам болуп жатат?

— Рихард байке өзү сууну  киргизип, бут баарын жаап, орнотуп берем деп жатат. Андан тышкары айылдын депутаттары да көп көмөктөшүп, жардамдарын көрсөтүп жатышат. Материалдык жактан болсо да, моралдык жактан болсо да жардамын берип жатышат. Ишен Кумбашев, Чыңгыз Чакчагаев, Нурбек Дооронбаев сууну жыгып беришти, ошол арыкты казып берип жатышат.

image

— Ата энелер эч кандай жардам көрсөтпөй жатышат. Себеби ар ким азыр эгиндерин жыйнап, чөптөрүн чаптырып жатканына байланыштуу ата-энелер бизге келбей жатышат.

Бала бакчага суу киргизбесе жаап ташташабы?

— Мен азыр айта албайм кайсыл убакка чейин ачылат. Себеби ата-энелер 1-сентябрга чейин келбесе, анда 1-сентябрга чейин жабык, эгерде ата-энелер келбесе, 1-сентябрь болобу, 1-октябрь болобу, суу жок болсо бизге эч кандай уруксат жок иштегенге, бала бакча жабылууга туура келет.

image

Кара-суу айылынын Ботокөз булак бала бакчасынын иштегенине бир жылдан ашык убакыт болуп калды. Айылдын 24 баласы бакчага барып, көп нерсени үйрөнүп жатышат. Келиндерге, ата энелерге бир топ эле жеңилдик болуп калды.

Даярдаган: Сабина Кадырбекова