“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу: Элет аялдары — Айгүл Какешова менен маек

4 Сентябрь 2015 жыл 19:26
Көрүүлөрдүн саны: 109

image

Кара-Суу айылындагы кыз-келиндер тууралуу репортаждарыбызды улантабыз. Бул чыгарылышта Кара-Суунун тургуну Айгүл Какешова тууралуу айтып бермекчибиз. 

image

— Мен 2004-жылы 11-классты бүтүрдүм. Ашпозчунун окуусун окуп турмушка чыктым. Аны иштей албай калдым. Жакында мектепке  ашпозчу болуп кирдим. Эртең менен уй саайм. 5:30да молоковозго өткөрөм. Балдарымды тургузуп тамак-аш берем, мектепке жөнөтөм. Жумушка барып окуучуларга тамак берем. Ар бир мектепте болгон жыйналыштарга катышып турабыз.

image

Айылда бириккен улуттар уюмунун аялдар менен иштөө долбоору жүрүп жатыптыр. Ошол боюнча айта кетсеңиз?

— Бизде БУУ-аялдар долбоору бар. Алардын жыйналыштарынан калбайбыз. Ай сайын барабыз. Ал жактан бизге эки жылдан бери помидор, бадыраңдын уругун берип жатат. Жакшы, ал тараптан  жардамдар жакшы болуп жатат, быйыл сарымсак себели деп жатабыз.

Биздин айылда кандай кичи ишканаларды ачса болот эле?

— Айылда аялдарга көп эле нерсе жетишпейт. Мисалы: тигүү цехин ачса кандай сонун болот эле. Чач тарач, пельмен түйгөн, блинчик, булочка жасай турган жерди ачып берсе жакшы болот эле.

Кара-Суу айылынын кызы, эки кыз, бир уулдун энеси Айгул эжеке тууралуу маекти уктуңуздар. Болот байке менен Айгул эжекебизге чоң бакты-таалай каалайбыз, аман-эсен, ден-соолукта болуңуздар!

Даярдагандар: Элина Азаркулова, Султанаалы Чакчагаев, Медина Сатыбекова.