“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу: Элет аялдары — Ратха Джумагулова менен маек

4 Сентябрь 2015 жыл 19:23
Көрүүлөрдүн саны: 82

image

Бүгүнтөн баштап айылыбыздын аялдары, кыз-келиндари тууралуу репортаждардын циклин баштайбыз. Элет  жергесиндеги аялдарыбыздын, кыз-келиндерибиздин турмушу менен таныштырабыз.

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Ратха Джумагулова тууралуу маек куруп берсек. Кененирээк маалыматты Ратха эжеден алсак.

— Мен үчүн ар күн окшош эле өтөт. Дем алыш күндөрү гана эс алам. Анткени жумушум бар, жумушта мен төрткө чейин иштеп келем.

image

— Анан баламдын окуусуна жардам берем. Ал эми үй-бүлөлүк жашоом жакшы. Жолдошум бар, эки кыз, бир уулдумун. Улуу кызым турмушка чыккан, ортончум Кара-Суу орто мектебинде 8-класста окуйт, балам 2-класс болду.

image

— Анда тышкары уйларым бар. Күнүнө эки маал саалат. Бош убактымды балдарым менен өткөрөм жана айылдагы чогулуштарга катышып турам. Жаз-күз мезгилинде жер менен алектенебиз. Жерге арпа, буудай жана башка көптөгөн нерселерди себебиз. Мына ушундай турмуш-тиричилик менен менин күндөрүм өтөт.

— Айыл жериндеги аялдарга камкордук  жетишпейт деп ойлойм. Мисалга алсак, сулуулук салону, эс алуучу жай, көчмө медицина.

Ратха Джумагулованын үй-бүлөсүндөгү турмушу, айылдын коомдук иштерине катышуусу тууралуу маегин биз сиздерге тартууладык. Ага чын ден-соолук, үй бүлөсүндөгү бакыт-таалайды каалайбыз, өмүрү узун, иши ийгиликтүү болсун.

Даярдагандар: Сабина Кадырбекова, Султаналы Чакчагаев, Медина Сатыбекова.