“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу: Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого бир ай калды

4 Сентябрь 2015 жыл 19:24
Көрүүлөрдүн саны: 89

image

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо күнүнө дал бир ай калды. Бул тууралуу номур 336-участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Колбаев Нурбек менен маектештик. 

— Өзүңүздөрдү шайлоочулардын тизмесинен текшериңиз. Шайлоо участогунун иш тартиби саат 9дан кечки саат 5ке чейин, дем алышсыз.

— Өзүңүздөрдү тизмеден текшерип, жеке маалыматтарды тактаңыз. Жаныңызда Кыргыз Республикасынын паспорту бар болуусу зарыл, ID карта, же жарандык паспорт.

image
Шайлоочулардын укугу тууралуу кыскача айтып берсениз?

— Шайлоочулар үчүн эскертме. 2015-жылдын 19-сентябрына чейин шайлоочу төмөнкүлөргө укуктуу: биометрикалык каттоодон өткөндөн кийин шайлоочулардын тизмесине киргизилүүгө, тизмедеги каталар тууралуу жазуу түрүндө шайлоо комиссиясына кайрылууга, шайлоо дареги боюнча добуш беруу ниети жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө билдирүүгө. 2015-жылдын 19-сентябрында участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот. Шайлоо күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жана ID карта же жалпы жарандык паспорту бар жарандар гана добуш берүү укугуна ээ боло алышат. Кошумча тизме болбойт. Биздин дарек Кара-Суу айылындагы мектепте жайгашкан.

image

Участкалык шайлоо комиссиясын мүчөлөрү тууралуу айта кетсениз?

— Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү: Колбаев Нурбек төрага, Алиева Нургул катчы, Ажиев Чубак мүчө, Жумалиева Гулмира мүчө, Жунушев Алмаз мүчө, Бейшеналиев Дүйшөнбек мүчө, Алгожоев Роман мүчө.

Бүгүн 4-сентябрдан баштап,  Кыргызстандын 14 партиясы расмий түрдө депутаттык орун үчүн үгүт иштерин жүргүзө баштайт.

Кара-Суу айылынын тургундарын шайлоого активдүү катышып, өздөрү тандаган депутаттарын шайлап алышын каалайбыз.

image

Даярдагандар: Сабина Кадырбекова, Султаналы Чакчагаев, Медина Сатыбекова.