“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу: Элет аялдары — Кымбат Алиева менен маек

6 Сентябрь 2015 жыл 19:52
Көрүүлөрдүн саны: 70

image

Элет аялдары тууралуу репортаждарыбыздын циклин улантабыз. Бул чыгарылышта Кара-Суу айылынын тургуну, үй кожойкеси, төрт баланын  энеси Кымбат Алиева тууралуу айтып беребиз.

image

— Мен эртең менен саат төрт жарымдарда турам. Уй саап, чай коюп, балдарга тамак берип, мектепке жөнөтөм. Жумушум жок, үй кожейкесимин. Төрт балам бар, улуусу кыз, ал 3-класста окуйт,

image

— Андан кийинки балам 1-класста окуйт. Калган эки уулум үйдө эле тарбияланат. Эртең менен уй саап бүтүп, уйларды бадага кошобуз, андан кийин чай ичип, үйдү тазалайбыз. Короолорду отойбуз. Азыр күз мезгили келип калды. Салат жабабыз, кышкыга бадыраң, варенье, компотторду жабабыз.

image

— Кечки тамакты кылабыз, уйларды саайбыз кечинде. Бир күндүк жумушубуз ушул.

Айылдагы аялдар менен иштеп жаткан БУУнун долбоору тууралуу айта кетсениз?

— Мен «Элеттик аялдардын жашоо деңгээлин көтөрүү» деген программага киргем. Топто 24 аял барбыз. Бизге ошол жактан урук берилет. Помидор, бадыраң, калемпир уруктарын алганбыз. Ошолорду сээп короого, үзүрүн  көрүп жатабыз. Биздин айылдын аялдарына көп нерсе жетишпейт — тигүү цехи керек, кондитердик кичи ишкана болсо жакшы болмок. Жумуш жок, ошондуктан аялдар үйдө эле үч жумушу менен алекпиз.

image

Кара-Суу айылынын тургуну Кымбат Алиева тууралуу репортажыбызды уктуңуздар. Эжебизге чың ден-соолук, ийгилик каалайбыз.

Даярдагандар: Элина Азаркулова, Султаналы Чакчагаев