“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу: «Ботокөз булак» бакчасы кайрадан иштей баштады

16 Сентябрь 2015 жыл 8:20
Көрүүлөрдүн саны: 52

image

Суунун жоктугунан улам районо тарабынан июль айында Кара-Суудагы «Ботокөз булак» бала бакчасы жабылып калган. Учурда ал бала бакчасы кайра иштей баштады.

image

Кененирээк маалыматты бакчанын башчысы Айша эжебизден алсак.

— Өзүңүздөр билгендей биздин бала бакча 24 орундуу. Ал 7-июлда, суунун жоктугуна байланыштуу жабылып калган. Кайра 3-сентябрда ачылдык. Бир жарым ай убакыт ичинде сууну киргизиш керек болчу. Андан тышкары эшигибиздин алдын 20 метр квадрат жерди цементтеш керек болчу жана  сыртка даараткананы тургузушубуз керек болчу. Бир жарым айдын ичинде ата-энелердин жардамы менен 200 метр арык казылып, кудукту бала бакчанын сыртына киргизип алдык.

image

Сууну киргизүүдө айылдын тургундары, айыл өкмөтү сиздерге кандай  жардам көрсөттү?

— Рихард Жекшеналиев жардам берди цемент жагынан, жана ошондой эле Калыбеков Канат даараткананы тургузуп жатканда, сыртына каркас тургузуп бергенге жардам берди. Андан тышкары айыл өкмөтү материалдарды алып берди бизге. Ушинтип сууну да киргизип алдык, жерибизди цементтеп да алдык.

image

— Бул жерде ата-энелердин күчү күч. Алар болбогондо азыр дагы эле бүтпөй жатмакпыз. Азыр силер көрүп тургандай, бала бакча иштеп жатат. Балдарыбыз толук келип жатышат. Ошондой эле кызматкерлерибиз дагы өздөрүнүн жумушунда иштеп жатат.

image

Бакчабызда дагы кандай жанылыктар бар?

— Андан тышкары дагы айта кетчу нерсе, жакын аранын ичинде АРИС программасына долбоор жазган элек. Ошол ишке ашып ички дааратканабыз оңдолгону жатат. Жакын арада болот деген үмүттөбүз.

Мына ушинтип Кара Суу айылынын бакчасы өз ишин уланта баштады. «Ак кептер медиа» борборунун атынан «Ботокөз булак» бакчасына чоң ийгиликтерди каалайбыз!

Даярдагандар: Медина Сатыбекова, Чакчагаев Султанаалы, Элина Азаркулова.