“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суунун командасы волейбол боюнча райондо беттешет

23 Сентябрь 2015 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны: 87

image

Кара-Суу орто мектебинин спорт залында 18-сентябрда райондун  айылдык ден-соолук комиттеринин ортосунда волейбол боюнча мелдеши болду. Аны Жайыл районунун ден-соолук кабинети уюштурган.

Бул таймаш тууралуу кененирээк маалыматты райондун ден-соолук кабинетинин адиси Элмира Сулаймановадан алсак.image

— Кара Суу айылына келип ойноп жатабыз. Алтын жана Кара-Суу айылдары ойношту. Биз Жайыл району боюнча ден-соолукту чыңдоо үчүн оюн уюштуруп жатканбыз. Максатыбыз ден-соолукту чыңдоо, жүрүм-турумуна, ден-соолука пайда болуш үчүн волейбол оюнун уюштурдук.

image

— Бүгүн Алтын жана Кара-Суу айылдык ден-соолук комитеттери ойноп жатышат. Кара-Суу айылы утту. Эми булар райондук деңгээлге чыгат, чоң байгелерибиз бар. 1- 2-3 орундарга беребиз.

Жеңүүчүлөрдүн капитаны, Кара-Суу айылынын ден-соолук комитетинин мүчөсү Гүлнур Дүйшонкулова райондук беттешке төрт айыл менен ойноорун айтат.

— Айылыбыз Кара-Сууда райондук ден-соолук кабинети волейбол уюштурган район деңгээлинде. Алтын айылы менен Кара-Суу айылы ойноп, биз уттук. Эми райондук деңгээлде төрт айыл утуптур, кудай буйруса финалга барабыз. Ак башат, Сары булак, Кара-Суу, Кара Дөбө айылдары беттешет.

image

Кара-Суу айылынын ден-соолук комитетинин командасына финалда утуп, 1-орунду ээлөөсүн каалайбыз. Айылдаштар, ден-соолукка көңүл буруп, спорт жана дене тарбиясы менен машыккыла! Ден соолугунарды чыңдагыла!

Даярдагандар: Азаркулова Элина, Чакчагаев Султаналы.