“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу: Бала бакчанын ичине даараткана курулууда

23 Сентябрь 2015 жыл 14:11
Көрүүлөрдүн саны: 116

image

Кара-Суу орто мектебиндеги жана «Ботокөз булак» бала бакчасындагы ички дааратканалардын кантип салынып жатканы тууралуу айтып бермекчибиз.

Кененирээк маалыматты бакчанын жетекчиси Айша Сайдиновнадан алсак.

— «Ботокөз булак» бала бакчасынын иштеп жатканына эки жылдай болуп калды. Эки жылдын ичинде кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Даараткананын жоктугу абдан чоң көйгөй болуп, бүгүнкү күнгө чейин келген болчу. Быйыл айыл өкмөтүнүн колдосуу менен, ата энелердин колдоосу менен эшикке даараткана тургузуп алганбыз. Бирок ички дааратканабыз иштеген эмес. Дааратканалардын жана ошондой эле суунун жоктугунан бакча районо тарабынан жабылып, 3-сентябрда кайра ачылдык. Азыр ЮНИСЕФтин колдоосу менен АРИС ички даараткананы жасап, ремонттоп жатат.

image

Жумушчулар качантан бери жана кандай иштеп жатышат ошол тууралуу айта кетсениз?

— 18-сентябрдан баштап АРИС пластикалык терезелерди салышты. Ички канализацияларды оңдой башташты. Буюрса жаны туалетке бир  айдан кийин кирип калабыз. Көмөктөш болгон мектеп директору Нурадил Саткынбаевичке, Султаналы Курманалиевичке, Марипа эжеге ыраазычылыгымды билдирем.

image

Эми сөздү жумушчуларга берсек.

image

— Бир жумадан бери иштеп жатабыз. Канализацияны оңдойбуз. Трубалары эскирип кетиптир ошолорду алмаштырып жатабыз.

image

— Жаңы кафель, унитаздар орнотулат. Буюрса бир айдын ичинде бүтөбүз. Иш жакшы жүрүүдө.

image

Ошентип, ЮНИСЕФтин жардамы менен мектебибизге заманбап кол жуугучтар орнотулган эле. Эми болсо ушул эле долбоор менен мектептин, бакчанын дааратканалары оңдолуп жатат.

Даярдагандар: Медина Сатыбекова, Элина Азаркулова, Чакчагаев Султанаалы.