“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Сууда түшүм жыйноо аялдардын эмгегисиз өтпөйт

27 Сентябрь 2015 жыл 21:19
Көрүүлөрдүн саны: 56

image

«Жөжөнү күзүндө санайт» дегендей, Кара-Сууда түшүм кандай  жыйналып жаткандыгы тууралуу айымдарды кепке тарттык.

Айылдагы өз ара жардамдашуу тобунун лидери Айсулуу Жуматаева менен маектештик.

— Мен ушул айылдын тургунумун, быйылкы түшүмдүн жыйынтыгын айтсам буюрса жакшы болду. Мен короолорго быйыл помидор, пияз, калемпир, картошка сепкем, пияздан аябай жакшы түшүм алдым десем адашпайм. Бадыраң да жакшы болду. Азыр айылыбызда өз ара жардамдашуу топ иштеп жатат ошол топтун лидери болуп иштейм. Бизде иштеген аялдардын тобу азыр отуз аялдай болуп калды. Отуз аял тең ушул жашылчаларды өстүрүү боюнча иштейбиз, бизге атайын келип сабак өтүп турушат. Ушул топто мына эки жылдан бери эмгектенип жатабыз.

image

Кимдин түшүмү мол болуп жатат?

— Бизде  дагы эң жакшы иштеген короону, эң жакшы күткөн кыздарыбыз, келиндерибиз бар. Мисалы айта кетсек Жаныбек кызы Бегимайды быйылкы келген комиссиялар аябай мактап кетти. Капсаламова Айнура, Дооронбаева  Жыпар булардын огороддору эң жакшы баага татыды.

image

Сиздердин топко келип кошулса болобу? Жашылча өстүрүү боюнча эмне жардам алса болот?

— Өз ара жардамдашуу тобунда быйыл жаңы топ түзүлүп жатат. Ошол группага келип кошулсаңар жакшы болот эле. Топко келип кошулсаңар көп сабактарды окуп үйрөнөсүңөр.

БУУнун аялдар маселесин караган уюму эмне жардам берип жатат?

Мисалы экологиялык таза жашылча өстүрүүнү, сугат кантип сугаруу, жашылчаларды өстүрүү технологиясын окуйбуз.
Жашылчаларды өстүрүү деген, биз баягы айдап коюп эле, сээп коюп эле эмес, анын оорудан кантип сактоону бүт үйрөтөт. Биздин топко келип кошулушуңарды суранам. Мисалы менин калемпирден быйыл жакшы түшүм алдым. Жалаң меники эле эмес, айылдагы өз ара жардамдашуу тобунун келиндери, кыздары да жакшы түшүм алышты. Азыр пияз, калемпир, баклажандарды кошуналарыма сатып жатам.

Айылдын дагы бир тургунунун биздин «Түшүм кандай болуп жатат?» деген суроого жообу:

— Мен Кара-Суу айылынын тургуну Осмонова Үмүт, быйыл өзүмдүн огородума капуста, помидор, ачуу калемпир, таттуу калемпир сепкем,  түшүмдү жакшы алдым.

image

— Ооба, элет жериндеги түшүм жыйноо жумушу аялдардын катышуусу менен өтөт. Короодогу өстүргөн жашылчалар болобу, талаадагы себилген кызылча, жүгөрү болобу, жыйнап алуу процесси аялдардын катышуусуз өтпөйт.

image

Айылда түшүмдү жыйноодо, аялдардын эмгеги зор. Айылыбыздын аялдарынын эмгеги кайтып, түшүмдү көп алышты.

Даярдагандар: Гүлзаада Бейшенбекова, Чакчагаев Султаналы.