“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу: Теңчилик жана шайлоо процесстери

2 Октябрь 2015 жыл 21:26
Көрүүлөрдүн саны: 82

image

Шайлоо процессиндеги гендердик көйгөй тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты айылыбыздын тургуну, шайлоо процесстерине көп катышкан агайыбыз Султаналы Курманалиевичтен алсак.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жана жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны өтө эле аз. Эмне үчүн?

— Кыргыз Республикасынын конституциясында эркектер менен аялдардын тең укуктуулугу таанылган. Мамлекетти башкарууда дагы гендердик теңчилик болсун деп айтылган.

image

Депутат аялдардын саны эмне учун аз? Мына мындай цифраларга конул буруп койсонуздар: 1995-жылы ЖК те аялдар 4.7%, 2000-жылы 6.8%, 2005-жылы 0%, 2007-жылы 25.5%, 2010-жылы 22,3%, 2015-жылы канча болот болду экен? Жергиликтуу кенештерде 2004-жылы 16%, 2008-жылы 14%, 2012-жылы 13,4% аялдар болгон. 2016-жылы канча депутат аял болот болду экен? ЖК ке деле жергиликтуу кенештерге деле аялдар кандидатурасын коюшат, бирок шайлоо аяктагандан кийин депутаттардын арасында аялдар аз санда. Эл эмне учун колдобойт аялдарды, шайлоочулар эмне учун колдобойт аялдарды? Мына ушул койгой биздин республикада актуалдуу бойдон калууда.
Эми болсо айыл тургундарына: «Эмне учун жогорку жана жергиликтуу кенештерде депутат аялдардын саны аз, эмнеге  аялдарды шайлоочулар колдошбойт?» деген суромжылоого конул бурсак:
1. Аялдар биринчи-уйдун куту, бала бакыра,

image

уй оокат деп аялдар карьерасына коп конул бурушбайт, ошол себептен депутаттыка кандидатура аз санда коюлат. Койгон кундо да, эркектер «аял » деп маани беришбейт. Ошол себептен депутат аялдар аз.
2. Аялдардын деле депутаттар болот, бирок «аял — уйдун кишиси» деген кеп бар, балким ошол себептен аз. Эркектерге ишенет кобунчо.
3. Аялдарга ишенбеген учун шайлашбайт да…
4.Депутат аялдар коп болсо жакшы болмок. Алар аялдардын койгойлорун билет. ЖК те аялдардын коп болуусун каалайм. Айылдык Кенешке ого бетер аялдар баралышбайт, уйум калды, уйларым калды дешет. Анын устуно жергиликтуу кенештерде айлык акы толонбойт. Эмне учун ЖК те депутаттарга айлык акы толонот, ал эми айылдык Кенештин депутаттарына толонбойт.

image

5. Кыргыз элинин менталитетинен жана гендердик саясаттын негизинен.
Ооба, жогорку жана жергиликтуу кенештердеги аялдардын саны конституцияга, кабыл алынган закондорго, ар кандай квоталарга карабай аз. Эмне учун мамлекетибизде депутат болом деген аялдарга колдоо корсотулбойт? Мына ушул суроонун устундо далай уюмдар, журналисттер, окумуштуулар оз ойлорун айтып, изилдоо жургузуп жатышат. Бул маселе биздин мамлекетте дагы эле актуалдуу. Жаны шайланган Жогорку Кенеште депутат аялдардын санынын коп болуусун каалайбыз.
Ушуну менен беруубузду аяктайбыз «Ак кептер»медиа борборунун атынан баарыныздарга ден соолук каалайбыз, сак саламатта болунуздар.

Даярдагандар:Элина Азаркулова, Медина Сатыбекова.