“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жазгы иштер.

30 Март 2016 жыл 18:35
Көрүүлөрдүн саны: 249

      Jazgy ichter
 Арбаңыздар урматтуу Кара-Суу айылынын тургундары. Эфирде «Ак кептер» медиаборбору. Студияда Канышай Алымбекова. Бул чыгарылышта биз сиздерге айылда жүрүп жаткан жазгы талаа иштери тууралуу айтып беребиз. Кенеиреек маалыматты айылдын фермерлеринен жана тургундарынан алсак: 20160316_140008-Бир гектар жерди айдаганы, малалаганы,тырмап,сепкени 2000 сомго чейин барат. Быйыл солярка арзан болуп, дыйкандарга кичине болсо да жеңилдик болду.  Баасы 28 сом болуп жатат. IMG_20160329_145706Техниканын, трактордун тетиктерин доллар кымбаттады деп эле кымбаттатып жатышат,- дейт жаш фермер Канат Ибраимов.

-Жерди айдоонун, малалоонун, тырмоонун жана себүүнүн баасы сиздерди ынандырабы? IMG_20160329_133251

-Быйыл өзүбүздүн техника менен айдадык, 350 сомдон септирдик арпаны.Беденин ордун 1000 сомдон айдап, бузуп берип жатышты трактористтер.Техниканы кармоонун деле өзүнүн азабы бар — оңдош керек, тетиктери кымбат,- дейт айылдын тургуну Каныбек Молдраимов.

Сиздер уккандай жазгы талаа иштери аяктайын деп калды. Эми талаа жүгөрү жана кант кызылчасын себүүнү күтүп жатат.  Мына ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз. Айылыбыздын дыйкандарына ийгилик каалайбыз. Сак саламатта калыңыздар, күнүңүздөр кызыктуу улансын.

Даярдагандар: Канышай Алымбекова, Айзаада Анвар кызы, Сабина Кадырбекова. 30-март, 2016-жыл, «Ак кептер», Кара-Суу.