“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ак кептер долбоору.

31 Март 2016 жыл 20:37
Көрүүлөрдүн саны: 78
      AK-KEPTER.-DOLBOOR

Саламатсыздарбы, урматтуу радио угуучулар эфирде «Ак кептер микрофондо Медина Сатыбекова. ул чыгарылышта биз сиздерге Ак кептер» медиа борборунун иши тууралу маалымат берели деп чечтик. Жакында биздин айылдын мультимедиа борбору Клооп медиа менен бирдикте өзүнүн биринчи долбоорун утуп 1000 долларга ээ болду. Кененирээк маалыматты борбордун ыктыярчыларынан алсак: 20160204_132105

-Мен Кадырбекова Сабина айылдын жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчысымын. Былтыр биздин борбордун волонтерлору, айылдын жаштары Клоопко барып, микропроект жазганды үйрөнүп, долбоор жаздык эле. Долбоор колдоого ээ болду. 20160316_111355

-Мен,Азаркулова Элина, жамааттык медиа борбордун ыктыярчысымын 12-мартта «Ак кептердин» кординатору Султан агай Клоопко барып,  20160316_090458 берилген каражатка түстүү  принтер япондук «Никон» фото аппаратын жана башка жабдыктарды алып келди. Эми биз түстүү принтерди колдонуп, маалымат бюллютендерди чыгара баштайбыз. Мунун баарын биз клооп аркылуу үйрөнүп жатабыз, алар чоң долбоор утуп алышып, Кыргызстандагы жамааттык мультимедиа борборлордун волонтерлорун, журналистиканын негиздерине, фотография, видеого тартканды үйрөтүп жатат. 20141212_100841

Клоопто азыр Үсөнканова Гүльзада Бейшенбековна үйрөнүп жатат. Июнда дагы бир ыктыярчы барып окуп келет. Мына ошентип, Клооп медиа бизге чоң жардам көрсөтүп жатат. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз көрүшкөнчө саламатта болуңуздар.

Даярдаган:Сатыбекова Медина, «Ак кептер», 17-март, 2016-жыл.