“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мечит. Ыйман.

1 Апрель 2016 жыл 23:39
Көрүүлөрдүн саны: 72
      ЫЙМАН

Кутмандуу күнүңүздөр менен Кара-Суу айылынын тургундары. Сиздер менен Айгерим Бексултанова.Бүгүн биз сиздерге айылдын мечити тууралуу айтып берели. Мечиттин имамы жана кызматкерлеринин иш чаралары тууралуу кенениреек маалыматты айылдын имамы Алиев Жолдоштон алсак: 20160329_143441

-Аузибилла имина шайтони ражиим. Биссимилла рахмоони раахиим…жараткан аллага чексиз мактоолор болсун…

Жаңы мечит курулганы онго жакын жамаат жыгылабыз дагы көп болсо экен деп, көп мээнеттерди кылып жатабыз. Кечки саае 8 де күнүгө амал китептерден тандалма хадис мазаил амал деген китептерди окуйбуз. Ыйман жөнүндө көп окуйбуз. Эл канкенде оңолот, жалпы мулмандар динге келсе экен деп алладан үмүт кылып, суранабыз. 20160329_142516

Айылда азыр эл бош, карта ойношот, мына ошолор азайса экен деп тилеп дуба кылабыз. Азыр мечиттин тегерегин айдатып, жашылдандыралы деп, көчөттөрдү алып келдик. Биздин радиодон пайдаланып, мечитке эл жардам берсе экен деп суранат элем. 20160329_142648

Заманбап даараткана куруп алсак жакшы болот эле. Өсүп келе жаткан урпактарыбызга жакшы мечитти, тегереги бак дарак менен курчалган мечитти калтырып кетсек абзел болмок. 20160329_144230

Жаз келип, элибиз талаа иштерин башташты. Алла таалам молчулук, токчулук берсин элиме. Айылдын жаштары комуз үйрөнө баштаптыр. гуп алып, абдан сүйүндүк.  Мечитибизге мастуурат жамааты келип жатат. Аялары менен кошо келип, кыз-келиндерди тартипке чакырат. Биз жанагы чүмкөнүп жүргөндөргө каршыбыз. Алар биздин масхабга кирбейт.Кыргыздын кыздары илгертен топу, келиндери жоолук салынган, чоң апалардан сурасаңар айтып берет. Бирок өтө эле ачылып жүргөн болбой мусулман баласына-,деди имам. 20160329_135904

Жогоруда мечиттин имамы айткандай жан дүйнөбүздү кармап, сактап жүрөлү.Сак саламатта калыңыздар. Даярдагандар:Айгерим Бексултанова, Саида Жусупова, Элина Азаркулова, «Ак кептер», 29-март, 2016-жыл.