1 Апрель 2016 жыл 21:12
Көрүүлөрдүн саны: 66
Tattybubu

Саламатсыздарбы! Эфирде «Ак кептер». Бул чыгарылышта биз сиздерге кыргыздын атактуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева жана анын агасы Нуркан Турсунбаев тууралуу айытып берели. Кенениреек маалыматты медиаборбордун волонтеру Азаркулова Элинадан алсак:

5-мартта Кара-Сууда Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу фильм көрсөтүлдү.

Фильмди актрисанын агасы Нуркан Турсунбаев тартуулады Көрүүчүлөр бул фильмден атактуу актрисанын өмүр баяны жана чыгармачылыгы менен таанышышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын артисти Нуркан Турсунбаев өзүнүн кинодогу ролдору, жараткан обондору тууралуу айтып берди. Аккордеондо. комузда, домбрада жана мандолинада ойноп, өзу жараткан обондорун аткарып, өзүнчө концерт уюштурду. Көрүүчүлөр абдан ыраазы болушту, суроолоруна жооп алышты. Нуркан Турсунбаевге биздин атактуу актриса жөнүндө кино тартып элге тартуулап жатканына абдан ыраазы болушту.
«Ак кептер» медиа борборунун атынан Нуркан Турсунбаевге ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
Сак саламатта калыңыздар. Күнүңүздөр көңүлдүү улансын.
Даярдагандар: Данияр кызы Назик, Медина Сатыбеков, 15-март, 2016-жыл, «Ак кептер», Кара-Суу.
Post Views: 66