“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Уй жаю.

1 Апрель 2016 жыл 12:53
Көрүүлөрдүн саны: 90

Саламатсыздарбы, урматтуу Кара-Суу айылынын тургундары. Эфирде «Аккептер» мультимедиа борбору. Сиздер менен мен Гүлзаада Бейшенбекова бүгүн сиздерге айылдагы эң бир негизги көйгөйлөрдүн бири уйду жаю маселеси тууралу айтып берели деп чечтик. Эмне үчүн жаз келгенде уй жаю чоң маселеге айланат, уй жайганга бадачылар араң табылат? Кененирээк маалыматты айыл тургундарынан алсак: IMG_20160329_140147

-Менин атым Кымбат. Ооба биз жайытка уй кошобуз ылдый жак өзүнчө бада болуп, кезүү кылып жайып жаттабыз. Уй башына 300 сомдон төлөйбүз. Ооба, кымбат сүт да жакында, күн жылыганда 11 сомго түшөт өзүн өзү актабайт. Эки уй саайм 10 литр төгөм жумасына 500-700 сомдон алам. Жетпейт, продуктыга эптеп жеткизебиз, балдарга кийимге, дептерлерине жетпейт. Былтыр Аваз байке кайтарган, а быйыл болсо өзүбүз кезүү менен, кимде канча уй бар ошончо күн кайтарышат. IMG_20160329_135724

-Былтыртан бери кайтарып жатышат, бирок быйыл тариф чечиле элек канчадан кайтарат азырынча билине элек 1-апрелден баштап билинет. Былтыр уйга 300 сом болчу ай сайын- деди Назира Дүйшекеева.

IMG_20160329_140538

-Биз көчөнүн уйларына кошобуз, былтыр 300 сом болчу, а быйыл чечиле элек, деди Акылбек аксакал. IMG_20160329_133908

-Уйду, албетте, кошобуз да айылда жашап жаткандан кийин кошулат да. Бирок быйыл уйду ким кайтарат, же кайтарбайт деген суроолор туулуп жатат. Андан тышкары кымбат болуп жатат. Былтыр 300 сомдон эле быйыл дагы көтөрүлөт деп, ошон үчүн уй жайганга киши чыкпай жатат болуш керек. Албетте, уй жайганга Кара-Суу айылында жер кенен башка айылдарга караганда. Анан аны 400 500 сомго көтөрүүнүн деле кажети жок 100 сом деле туура болмок. Кара-Сууда чөп көп ар бири жыйнап алган. Жазга чейин жетет. Чөптөн айыл адамдары кыйналбайт деле болуш керек. Бизде бир уй, үч кунаажын,-деди Ажиева Г.А.

Сидер айыл тургундарынын уй жаю маселеси боюнча оюн уктуңуздар буюруса көчөнүн малын жайганга киши табылар деп ойлойбуз. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз эфирден жолугушкан сак саламатта болуңуздар.

Даярдагандар:Адина Бекташова, Сезим Дүйшекеева, Бейшенбекова Гүлзада. 2016-жыл 29-март.