“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу АА. Жайыл.

2 Апрель 2016 жыл 11:38
Көрүүлөрдүн саны: 93
      Kara-Suu A.Aimak 2

Саламатсыздарбы, Кара-Суу Айыл Аймагынын тургундары. Эфирде «Ак кептер». 31-мартта «Ак кептердин» ыктыярчылары жана координатору Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери менен жолугуп, интервью алышып, маалымат баракчаларын айыл өкмөттүн маалымат тактасына илип келишти. Бул чыгарылышта биз сиздерге өкмөттүн жооптуу секретары Беркутова DSC_0454

Айгүл Салынбековна жана жер боюнча адиси Кулючбеков Жаныбек менен болгон маегибизди сунуштайбыз.  Айгүл Салынбекована  айыл өкмөтүндө кандай быйылкы  иш чаралар бар?

— 2016-жылы айыл өкмөтүнүн планында Кара-Суудан көлгө чейин 3 километр жолду биз таш төктүрүп, оңдогон жатабыз. Андан аркысы эмдиги жылы планда, алардын баарына акчабыз жетпейт. Биздин бюджетибиз аябай кичикий дотационый өзүбүздү өзүбүз каржылай албайбыз. Бизде болгону 2 миллиондой каражатыбыз чогулат элден.Ушул иш быйыл аткарылабы, же аткарылбай калабы? DSC_0586

 Аткарылат, планда бар, быйыл сөз берди бизге өйдө жактан, ушул жерди оңдойбуз деп.Биз эми тырышып жатабыз таш төктүөлү деп. Жакындан баштап таш төгүлө баштайт.

Кара-Суу айылында жаштар борбору эмне үчүн жок, эмне үчүн маданият үйү дагы эле  оңдолбойт? DSC_0459

Бюджетибиз аны оңдоого жетиштү эмес, демилге көтөрүлүп биздин элдерибиз бизде Кара-Сууда ТОС  бар. ТОС иштебей турат  бир эле мултьмедийный центр иштеп жатат, калгандары иштебей жатат. Эгерде ТОС иштесе  бизде анча мынча акча болсо проекттр жазсак, интернеттен прщект толтуруп,  жаштар өздөрү кызыгып  эмне үчүн иштешбейт,кызыгышбайт. Кызыкса мурун эле баары болмок. Клубдун жогунан да, культработник жок, иштебейт, ошондуктан жаштар эчтекеге кызыгышбайт. Азыркы убакта спортко кызыга   башташты. Волейбол ойношот, кечинде секцияларга барып, машыгышат.  Ат оюндарына катышып,улак тартканга машыгышат, балдар спорт комплекс боюнча долбоор жазышса, жаштар комитети өздөрү демилге көтөрсө, тургузуп коймокбуз. Бизде демилге көрсөткөн киши жок, ошондуктан ушундай. DSC_0452

Жаныбек байке айыл өкмөттөгу жазгы талаа иштери кандай жүрүүдө, жер боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

25 инде аукцион өткөрдүк. ФПС тин жерлерине. Арендага 7 жылга,  калган эл сээп жатат.  Дыйкандар кызылча сээп жатышат сугарып жатышат, жер боюнча баары эле жакшы. Элдин баары эле алды арендага жерлерди. Аукционго катышкандарга солярка берилип жатат. Дыйкандар жакшы эле иштеп жатышат. Фермерлер өз жерин айдап сееп жатышат.

Сиздер айын өкмөтүнүн жоопту секретары жана жер боюнча адисинин биз мнен болгон маегин уктуңуздар.

Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз сак саламатта калыңыздар. Күнүңүңүздор көңүлдүү улансын.

Даярдагандар: Сабина Кадырбекова, Элина Азаркулова.

1-апрель, 2016-жыл, «Ак кептер», Кара-Суу.