“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жазгы талаа иштеринин башталышы.

2 Апрель 2016 жыл 15:02
Көрүүлөрдүн саны: 116
  •       Jaz-jarych
  1. Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу айылдаштар. Сиздер менен Саида Джусупова. Мына жаз да келди келгенде да өтө эрте келди.  IMG_20160225_171225 Дыйкандарга быйылкы аба ырайы жазгы талаа жумуштары эрте баштоого түрткү берди.  Кара-Суу айылындагы талаа жумуштары кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу айыл тургундарынан кененирээк маалымат алсак:
  2. Дыйкандар быйыл талаага эмне себишти экен ошону билсек:

-Быйыл арпа сееп жатабыз,  софлор септик,  беде бар 5-6 гектар.  Анан жүгөрү себебиз, кант кызылчасын себебиз деген ойлор бар быйыл арпа буудай пайдасы азыраак болуп жатат арзаныраак болуп, бирок эл себип жатат өздөрүнө жем,тоют  катары колдонгонго.  Кара-Сууда өзүбүздүн техникаларыбыз бар, көп эле,-дейт жаш фермер Канат Ибраимов. IMG_20160329_145706 -Быйыл талаага эки гектар арпа септик, калган жерлерибиздинбаары көп жылдык беде.  Кызылча себет элек, бирок ылайыктуу жер жок болуп жатат деди,-Аязбек Жунушев.  20160329_132030 -Жаз эрте келип айылда,  дыйкандар арпа-буудай сееп, жумуш катуу жүрүп жатат,  аз калды жакында баары сееп бүтүшөт. Апрелден баштап, огороддор себиле баштайт.  Дагы эки гектар жүгөрү сепкен жатам,- деди жаш дыйкан Касым Калманов.  20160316_135948

-Мен беде септим бир гектар,  анан жүгөрү себейин деп жатам.  Калганы беде,  бир гектар кызылча сепкенге аракет кылып жатабыз,  жакшы жер чыкса себебиз,- Алдаяров Сабо. 20160316_140004-1

Сиздер уккандай талаа жумуштары быйыл болуп көрбөгөндөй эрте башталды.  Бир топ фермерлер,  жер ээлери арпа,  буудай,  беде сээп коюшту. Жамгыр да жаап берди.  Дыйкандар быйыл да тынбай эмгектенип, мол түшүм алышат деп тилек кылабыз.  Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз.  Күнүңүздөр көңүлдүү улансын, маанайыңыздар ачык болсун.  Сак саламатта калыңыздар.

 Даярдагандар: Саида Жусупова,  Азаркулова Элина.  «Ак кептер» Кара-Суу 17. 03. 16.