“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдагы Нооруз-2016.

3 Апрель 2016 жыл 14:25
Көрүүлөрдүн саны: 211

Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу айылдаштар. Сиздер менен Элина Азаркулова. Бүгүн биз сиздерге Нооруз тууралуу айтып бермекчибиз. Быйыл айылдагы Нооруз майрамын өткөрүү Кушчу уруусунда. Кенениреек маалыматты айылдын Кушчу уруусунун жамаатынан алсак: 20150403_113033

-Нооруз Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш элдеринде илгертеден бери жаз мезгилинде, жаңы күн катары майрамдалып келе жатат. 21- март күнү күн менен түн теңелип, жер жарылып көктөм келет. Жаратылыштын мына ушул мезгилин, жаңыланып баштаган жашоосун Нооруз — Жаңы жыл, Жаңы жыл деп белгилеп, улуу майрам катары эсептешкен. Бул күнү кыргыздар арча, адырашман, чекендини күйгүзүп үй ичин жана короо жайын аласташкан.Дасторконго сүмөлөк, көжө сыяктуу улуттук тамактарды жайнатып, улуттук, майрамдык кийимдерин кийишип, бир-бирине жакшы каалоо-тилектерин айтышып, бүгүнкү күнгө чейин майрамдап келүүдө,- дейт мугалим Нурбек Көлбаев. 20150321_154234

-Кадырман кара-суулуктар, быйылкы Нооруз майрамыбыз куттуу болсун деп, Нооруз майрамын тосууга келгиле. Быйылкы түшүмүңөр мол болсун, жер жарылып чөп чыксын. Байыркы бабаларыбыздан калган майрамды быйыл Кара-Суунун Кушчу уруусу алып барат. 20150321_112628

-Кыйырын кезип бүт жердин, кыргыз элге туш келдиң, Ниетиңде жакшылык, Норуз майрам куш келгин, Кыдыр тоону, талааны, Куба дыйкан бабаны, жамгырыңдан жашырып, жаадырасын жамалы,- деп, Ноорузду куттуу тосуп алалы,- дейт Бурма апа.

20150321_111318

-Мына Нооруз майрамы да келип калды. Биздин дайындыгыбыз жакшы. Ноорузга келип катышып, оюн-зоок көрүп, тамак аштан даам татып кетиңиздер. Быйылкы жылыбыз жакшы жылдардан болсун, түшүмүбүз мол болсун, кырманыбыз данга толсун, тынччылык болсун,- деди Эрмек Жусупов.

Сиздер уккандай, Ноорузду, Кушчу уруусу тамак-аш, оюн-зооктордун баарын уюштуруп, айыл тургундарын тосот. Кезекти айылдын Саруу уруусунун жамаатына өткөрүп берет. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз. Күнүңүздөр көңүлдүү улансын демекчибиз. Сак саламатта калыңыздар.

Даярдагандар: Саида Жусупова, Элина Азаркулова, 19-март, 2016-жыл, «Ак кептер», Кара-Суу.

      Nooruz 16