“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ставропол айылынын ФАП ы. Жайыл району.

3 Апрель 2016 жыл 13:14
Көрүүлөрдүн саны: 79

Бүгүнкү чыгарылышта биз Жайыл районундагы Ставропол айылынын Фельдшердик акушердик пункту тууралуу маек куруп беребиз. ФАП тын иши тууралуу көп жылдан бери медайым болуп иштеп жаткан Чынара эже тууралуу айтып беребиз.

-ФАП та кандай иштерди жүргүзөсүздөр? Ошол жөнүндө кенениреек айтып берсеңиз.

DSC_0532

-Бул жерде 1 жашка чейинки балдар прививка алышат. Боюнда бар аялдар учетко турушат, 40 аял бар, анын ичинен 22 төрөдү, калганы учетто. Прививканы убагы менен алышат. Күнүгө ар бир үйдү кыдырам. Районго ай сайын отчет беребиз, мектеп менен тыгыз байланыштабыз. Туберкулез боюнча иштер жүрөт, азыр бир бала учетто турат. Бруцеллез боюнча учетто эч ким жок. Подворный обход жүрүп, бүт оорулар жонүндө айтам. Ден соолук комитети менен тыгыз иштейбиз.  DSC_0539

-Туберкулез оорусуна каршы кандай иштерди жүргүсөсүз?

-Жөтөлүп жатса, андан дароо эле какырыгын алып, рентгенге жиберебиз, текшеребиз, анткени туберкулез жугуштуу. Башкаларга жукпасын деп алдын алабыз. Ооруп калса, дарылоо жүргүзөбүз. Эгерде лабораториялык изилдөө жакшы болсо, анда маек кылам, кандай жүрүү керек, кандай тамак ичүү керектигин айтам.ФАП та кабыл алуу, дарылоо бекер жүрөт. Медайымды чакыруу да бекер, азыр дарылоо үчүн эч кандай акча алынбайт. DSC_0540

-Канча жылдан бери медайым болуп иштеп жатасыз?

-Ставропол айылында 21 жылдан бери иштеп келе жатам. Мурун Кайыңдыда 5 жыл иштегем акушерка болуп.

-Сиздер СтаврополовкаDSC_0581 айылынын ФАП ы жана медайым Чынара эже тууралуу маалымат алдыңыздар. ФАП тын кызматкери Чынара эжеге чын ден соолук, ийгилик каалайбыз. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз.

Даярдагандар: Данияр кызы Назик, Бейшенбекова Гүлзаада, Сабина Кадырбекова, 1-апрель,2016-жыл, «Ак кептер», Кара-Суу.