“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жаштар жана жол көйгөйү.

8 Апрель 2016 жыл 13:55
Көрүүлөрдүн саны: 55
      Jashtar & Jol koigoiy

Кутмандуу күнүңүздөр менен айылдаштар. Сиздер менен «Ак кептер». Жакында биздин волонтерлор айыл өкмөтүндө болуп, Кара-Суу АӨ нүн кызматкерлери жана өкмөттүн төрайымы Жеенбаева Насипа Елибаевна менен айылыбыздын көйгөйлорү тууралуу маек куруп келдик. Мына ушул маек менен таанышып коюңуздар. DSC_0583

-Насипа Елибаевна, эмне үчүн Кара-Суу айылында маданият үйү же жаштар үчүн эс алуу жайлары курулбайт. Эмне, эми Кара-Сууда маданият үйү жок эле жашай беришеби? Жаштар көйгөйлөрүн ким чечет? DSC_0559

-Кара-Сууда жаштардын маселеси боюнча Дооронбаев Нурбек көп кайрылат. Дотационный айыл өкмөтбүз. Ашыкча акчабыз жок. Чоң спорт аянттарын кура албайбыз. Бирок ошонтсе да, жаштар оздөрүнүн демилгеси  менен  проект жазып, өздөрү топторду уюштуруп, аракет кылышса болот. Баардыгы тең жаштардын колунда.

-Айылыбыздын жолдору качан оңолот болду экен? Ким оңдоп берет ал жолду бизге? DSC_0571

-Жолдор боюнча айтсам, Кара-Суу  — Ставрополовка жолун быйыл оңдойбуз. Гравий төгүлүп, тегизделет. Биздин жол, Ставрополовкадан Кара-Сууга чейинки жол, республикалык жолго кирбейт экен, ошондуктан асфальтталбайт экен. Суу бизде электр насосу менен чыгат. Айылдарла суу борбордук көчөлөрдүн баарында бар. Ар бир кожоюн өзүнүн короосуна суу түтүгүн тартып алса болот. DSC_0588

Сиздер Кара-Суу айылынын өкмөтүнүн төрайымы Жээнбаева Насипа Элебаеванын «Ак кептердин» айылдын жаштары жана жолу туралуу  суроолоруна жооп бергенин уктуңуздар. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз. Сак саламатта калыңыздар.

Даярдагандар: Данияр кызы Назик, Медина Сатыбекова, Азаркулова Элина, 05.04.2016. «Ак кептер».