“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жаш фермер. Эмил Ибраимов.

9 Апрель 2016 жыл 18:28
Көрүүлөрдүн саны: 92

      Jash malchy. Emil Ibraimov

Амансыздарбы урматтуу угуучулар!  Сиздер менен «Ак кептер». Кара -Суу айылы дыйкан менен малчылардын айылы. Ошол себептүү биз сиздерге айылыбыздын жаш фермери, малчысы Ибраимов Эмил тууралуу айтып берели. 

-Эмил байке, мал менен качантан баштап, иштеп келе жатасыз, канча мал кармайсыз, кимдер жардам берет сизге? 20160405_141424


-Мал кармаганыбызга көп эле жыл болду. Малыбыз бир топ эле. Жылкы, уй жана койлорду кармайбыз. Бир туугандарым менен бирге иштейбиз, бири бирибизге жардам берип. Үй бүлөөбүздүн негизги кирешесин мал багуудан түшкөн жана жерден түшкөн каражат түзөт. Мал сатабыз, сүт өткөрөбүз. Ошентип, оокат кылабыз. Мал баккан оңой эмес, аны баары билишет чыгаар.20160405_141705

-Бирөөнүн жерин тепсеп-тебелесе штраф төлөшөбү? Ошол көйгөйдү кантип чечип жатасыңар айылда?

-Ооба, төлөшөт. Штраф жылкы, уйларга 500 сомго чейин. Мал баккандан кийин кирет экен карабай коюшса. Чыр-чатак деле болот, бирок чечишет. Бирөөлөр төлөтөт, кээ бирөөлөрүү кечирип, кала берет.

-Суусамыр жайлоосуна качан чыккан жатасыңар? Ал жакта малды кайтаргандан башка дагы эмне жумуш кыласыздар? 20160405_141751

-Буйруса быйыл Суусамырга май айында айдайбыз малды. Бул Суусамыр малга аябай жакшы. Мал-жан ал жактан көп оорубайт, салкын ал жакта. Эттүү түшөт күзүндө. Суусамырдан дагы кымыз жасайбыз, бээлерди байлап, сүтүн ичебиз. Айылыбыздан 5-6 үй-бүлөө жыл сайын айдашат малын Суусамырга. Ал жакта биздин жайыт жерлерибиз бар, Кара-Суу айыл аймагынын. 20160409_112716

-Сиздер айылыбыздын фермери Эмил Ибраимов менен болгон маекти уктуңуздар. Эмил байкеге чың ден соолук, ийгилик каалайбыз. Сак саламатта калыңыздар.

Даярдагандар: Таазим Талдыбекова, Айдана Кнатова, 06.04.2016. «Ак кептер».